”Бай Тушум Ынгайлуу” Аманаты

«Бай Тушум Ыңгайлуу» аманаты: бардык жагынан комфорттуу!

Депозит ыңгайлуу болот, пайдалуу гана эмес! Айрым учурда ал өзүндө эки сапатты тем алып жүрөт – мисалга, «Бай Тушум» банкынан болгон ушул атайын аманат сыяктуу. Ал дал ушундай аталат – «Бай Тушум Ыңгайлуу».

Ушул пайыздык депозиттин ыңгайлуулугу эмнеде? Баарынан мурун, ал толукталуучу болгондугунда. Сиз баштапкы топтолгондорго байланбайсыз, варианттарын колдоно аласыз. Сиз өзүңүз, депозитти кайсы учурда жана кандай суммада толуктооруңузду, сумманы мүмкүндүккө жараша жогорулатуу менен жөнгө саласыз жана аны менен өз кирешеңизди жогорулатасыз. Анткени бардык эле адамдар, кирешенин үчүнчү бөлүгүн (же онунчусун – колунан келгенине жараша) дайыма сактап кое тургандай туруктуу айлыкты карашпайт. Аны жаздык алдына же үч литрдик банкага тыкпастан, аны банк эсебине кошо салып жана мунусу менен өз каражаттарынын сакталып туруусун камсыздаша алышпайт. Дайыма эле күтүүсүз кошумча кирешени же соода түйүнү менен пайдалуу контрактты пландаштырууга мүмкүн эмес, бирок алар боло калганда, депозитти толтурбай коюу күнөө го.  Андан дагы, эсепти 500 сомдон тартып толтурууга болот: ооба, азыркы күнгө карата, көп деле эмес акча. Бирок дүнүйө бир тыйындан куралат го.

Бул ушул эсептин жападан-жалгыз ыңгайлуулугу эмес. Сиз факт жүзүндө аманаттын өзүнүн суммасында чектелген эмессиз: ал студенттикиндей жөнөкөй (миң сомдон же 20 доллардан тартып), же болбосо  «падышаныкындай» (максималдуу 3 миллион сомго же болбосо 40 миң долларга чейин) болушу мүмкүн. Бирок кандай болбосун ал ар бир кардарга пайда алып келет: анткени бул депозит акча каражаттарын топтоого жана көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Демек, Сиз ага топтоп жаткан Сиздин максатыңызды жеткиликтүү кылат (ал саякаттоо, жож же конок бөлмөдөгү кооздук болсун).

Анан, акырында, дагы бир ыңгайлуулугу – депозит автоматтык түрдө узартууну караштырат. Демек, Сиз эгерде кандайдыр бир себептер боюнча депозитти өз маалында жаба албай жана андан акча ала албай калсаңыз, Сиз бир тыйын дагы жоготпойсуз. Бир нюансы бар: эгерде ушул учурга карата банк чендери азайган болсо, анда «Бай Тушум» Сиз жок Сиздин келишимдм узартпайт, Сизди пайдасы азыраак шарттарга мажбур кылбаш үчүн.

Андан дагы, эгерде Сиз, депозитке ВТВ-24 мобилдик банкингди туташтыра турган болсоңуз, бул Сизге пайыздарды чегерүүнү контролдоого жана Сиздин акча каражаттарыңыздын сакталып турушуна көз салууга гана мүмкүндүк бербестен, депозиттерди толуктоого, валюта алмаштырууга жана башка көптөгөн нерселерге шарт түзөт (ВТВ-24 кызматы жөнүндө бул жерден окууга болот.)

«Бай Тушум Ыңгайлуу» депозитин ачыңыз! Сиз анына аласыз: ал Сиздин алдыга койгон максаттарга карай умтулууңузду реалдуу жеңилдетет!

 

Мөөнөтү жана жылдык пайыздык чени:

Валютасы 3 ай 6 ай 9 ай 12 ай 18 ай 24 ай
KGS 4% 7% 9% 13% 13,5% 13,5%
USD 0,5% 0,5% 2,5% 3% 3%
RUB 4,0% 5,0% 5,0%

 

Аманаттын негизги шарттары:

– аманаттын минималдуу суммасы: 1 000 сом, 20 доллар;

– толуктоонун минималдуу суммасы: 500 сом, 10 доллар. Толуктоо, депозиттин аяктоосуна чейинки 90 күндү чыгарып салуу менен, анын аракетте болуусунун бүткүл мөөнөтү ичинде мүмкүн болот;

– депозиттин максималдуу суммасы 3 миллион сом, 40 миң доллар;

– пайыздарын төлөө ай сайын же мөөнөттүн аягында;

– жарым-жартылай чыгарып алуу мүмкүндүгү каралган эмес;

– автоматтык түрдө узартуу.

Кененирээк кеңеш алууну каалайсызбы? Биздин контакт-борборубузга 905 805 тел. боюнча чалыңыз же төмөндөгү депозиттик калькуляторду пайдаланыңыз.