Сайт боюнча издөө

Сүйлөм боюнча издөөнүн жыйынтыктары «»


04.07.2011 / Жаңылыктар

Компания, Кыргыз Республикасынын Чукул кырдаалдар Министрлигине караштуу Талас областынын өрт коопсуздук бөлүмүнө демөөрчүлүк жардам көрсөттү

Бишкек шаарында өтүп жаткан өрт-прикладдык спорт боюнча республикалык чемпионатында бөлүмдүн катышуусуна байланыштуу Компания,  Кыргыз Республикасынын Чукул кырдаалдар Министрлигине караштуу Талас областынын өрт коопсуздук бөлүмүнө демөөрчүлүк жардам көрсөттү.  Компания чемпионаттын катышуучулары үчүн спорттук формаларын сатып алуу үчүн акча каражаттарды бөлүп берди жана транспорттук чыгашаларын төлөдү.

03.06.2011 / Жаңылыктар

Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Компания бүтүндөй Республика боюнча балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернттарында кайрымдуулук акцияларын өткөрдү

Компаниянын туруктуу иштеген кайрымдуулук программасынын чегинде, балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Компания бүтүндөй Кыргызстан боюнча кайрымдуулук акцияларын өткөрдү. Ош шаарындагы сокур жана начар көргөн балдар үчүн Атай жалпы билим берүү мектеп-интернатынын жана Каракол шаарындагы областтык Балдар ооруканасын оңдоо иштери үчүн курулуш материалдары сатылып алынды жана аларга берилди, уюштурулган телемарафондун чегинде Жалал-Абад шаарынын  Психоневрологиялык үй-интернатынын