Компания, Кыргыз Республикасынын Чукул кырдаалдар Министрлигине караштуу Талас областынын өрт коопсуздук бөлүмүнө демөөрчүлүк жардам көрсөттү

04.07.2011

Бишкек шаарында өтүп жаткан өрт-прикладдык спорт боюнча республикалык чемпионатында бөлүмдүн катышуусуна байланыштуу Компания,  Кыргыз Республикасынын Чукул кырдаалдар Министрлигине караштуу Талас областынын өрт коопсуздук бөлүмүнө демөөрчүлүк жардам көрсөттү.  Компания чемпионаттын катышуучулары үчүн спорттук формаларын сатып алуу үчүн акча каражаттарды бөлүп берди жана транспорттук чыгашаларын төлөдү.Чемпионатта өрт коопсуздук бөлүмүнүн командасы Талас областын жакшы көрсөттү.  Кийинки жылы  республикалык чемпионатты Талас шаарында өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын белгилей кетүү керек.

Талас шаарынын өрт коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, майор Чулуев Рустом Музуротбекович төмөнкүдөй белгиледи:  «Көрсөтүлгөн жардамыңыздар үчүн Өрт коопсуздук бөлүмү Сизге жана Сиздин коллективге чоң ыраазычылыгын билдирүү менен алкыш айтат. Сиздердин колдооңуздардын аркасында биз Бишкек шаарында өткөн республикалык чемпионатта жакшы ийгиликтерге жетиштик».