“Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк оюндарынын” демөөрчүлөрүнүн бири – «Бай Түшүм” Банкы болду

15.09.2014

Кыргызстанда биринчи жолу 9-сентябрдан 14-сентябрга чейин Ысык-Көлдө Көчмөндөрдүн биринчи дүйнөлүк оюндары болуп өттү.

Кыргызстан бул ири масштабдуу иш-чараны өткөрүүнүн демилгечиси болду, анын уюштуруучусу – КРнын маданият жана спорт министрлиги. Уникалдуу долбоордун максаты- этникалык маданиятты пропагандалоо жана аны сактап калуу, бардык этносторду бириктирүү жана этноспортту эл аралык деңгээлде даңазалоо.

“Бай Түшүм” Банкы жаңы заманбап форматтагы эл аралык спорттук “Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк оюндарынын” өткөрүлүшүн сыймыктануу менен колдоого алды.

“ Көчмөндөрдүн биринчи Бүткүл дүйнөлүк оюндары – спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана көчмөндөрдүн нукура руханий баалуулуктарын сактап калуунун дагы бир мүмкүнчүлүгү экендигине биз ишенебиз”,- деп белгиледи “Бай Түшүм” Банкынын Башкы менеджери Гулнара Шамшиева.

Турнирге жалпысынан дүйнөнүн 19 мамлекетинен 22 курама команда жана 430дан ашуун спортчулар келип катышышты. Мелдештер спорттун 10 түрү боюнча өткөрүлдү–алыш (курдан тартып күрөшүү), аламан байге (атайын даярдалган аймакта алыскы аралыкка ат чабыш), жорго салыш, казак күрөш, көк бөрү, кунан чабыш, кыргыз күрөш, ордо, тогуз коргоол жана эр эңиш.

Көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы расмий медалдык эсепте жалпысынан 55- 16 алтын, 20 күмүш жана 19 коло медалга ээ болуп, биринчи орунду ээледи. Жалпы командалык эсеп боюнча Казакстандын курама командасы 28 медаль, анын ичинде 10 алтын, 9 күмүш, 9 коло медаль алып экинчи орунду, Түркмөстандын курама командасы 3 алтын, 3 коло медаль менен үчүнчү орунду ээлешти. Тажикстандын курама командасы- 1алтын жана 3 коло медаль менен төртүнчү орунду, Монголиянын курама командасы 1 күмүш жана 6 коло медаль менен бешинчи орунду ээ болушту. Орусиялык спортчулар 5 коло медалдын ээси болушту.