Кыргызстанда биринчи жолу: «Бай-Түшүм» Банкы “Visa”нын колдоосу менен кардарларга смартфон аркылуу сатып алууларды төлөө мүмкүнчүлүгүн берди

04.04.2022

«Бай-Түшүм» Банкы өлкөдөгү биринчи BTB Pay мобилдик төлөм тиркемесин ишке киргизди, ал Visa Token Service кызматынын чечими аркасында Android смартфонун колдонуу менен төлөм картасын санариптештирүүгө мүмкүндүк берет. 

Бишкек, 2022 – жылдын 1 апрели – «Бай-Түшүм» Банкы, Visa колдоосу менен өлкөнүн биринчи токенизациялоо чечимин – BTB Pay тиркемесин ишке киргизди. Ал Visa Token Service кызматына негизделген – карта ээсинин санариптик транзакцияларынын коопсуздугун камсыз кылган инновациялык технология, ошондой эле төлөм экосистемасынын андан ары өнүгүшү үчүн ишенимдүү чөйрө.

Технологияны киргизүү Кыргызстандагы бүтүндөй төлөм индустриясы үчүн маанилүу окуя болуп саналат, анткени токенизация электрондук коммерция тармагындагы инновацияларды тездетүүгө жана төлөмдөрдү керектөөчүлөр үчүн дагы коопсуз жана ыӊгайлуу кылууга жардам берет.

Visa Token Service токенизация кызматы кардарлардын купуя маалыматтарын уникалдуу санариптик идентификатор – токен менен алмаштыруу аркылуу төлөмдөрдүн ыӊгайлуулугун камсыз кылат. Токендерде 16 орундуу карта номери жана CVV-коду сыяктуу керектөөчүнүн төлөм эсебинин чоо-жайы жок болгондуктан, аларды интернет-дүкөндөрдө же мобилдик түзмөктөрдө коопсуз сактоого болот, электрондук коммерцияны жана төлөмдөрдү, биринчи кезекте, картанын (токендин) ээси үчүн, ошондой эле төлөм экосистемасынын (эмитент-банктар, эквайэрлер) бардык катышуучулары үчүн коопсуз кылат.

   

Кызмат Near Field Communication (NFC) технологиясын колдонгон Android негизиндеги смартфондордун ээлери үчүн жеткиликтүү – бул түзмөктөр ортосунда кыска аралыкка зымсыз маалыматтарды өткөрүү.

Кызматты колдонууну баштоо оӊой:

  1. PlayMarketтен BTBPay тиркемесин көчүрүп алыӊыз.
  2. Тиркемеден «Бай-Түшүм» Банкынын Visa картасын кошуӊуз, токенизациялоо боюнча нускамаларды аткарып, санариптештирүүнү күтүӊүз.
  3. Смартфонуӊуз аркылуу контактсыз сатып алуулар үчүн төлөй баштаӊыз. Бул үчүн, телефондун кулпусун ачып, төлөм терминалына алып келиӊиз.

Visa глобалдык изилдөөлөрү көрсөткөндөй, пандемия башталгандан бери дүйнө жүзү боюнча керектөөчүлөр башка нерселер менен катар жеке байланышты азайтуу үчүн коопсуз жана тезирээк төлөм ыкмасы катары контактсыз төлөмдөргө артыкчылык беришкен. Контактсыз төлөм – офлайн режиминде сатуу жана тейлөө пункттары аз кардарларына сунуш кыла турган коопсуз соода үчүн эӊ натыйжалуу чаралардын бири.

 

«Комфорт, ылдамдык, коопсуздук товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдүн негизги тенденциялары болуп саналат. Бир тийүү менен сатып алуулар азыркы учурда накталай акчасыз төлөм техноглогиясы. Бул дүйнөлүк тенденция жана биз Кыргызстанда бул кызматты ишке киргизген биринчи банк катары Visa Token Service кызматынын аркасында өлкөгө төлөм экосистемасынын өнүгүшүнө жардам бере турганыбызга кубанычтабыз. BTB Pay кызматы ишенимдүү жана коопсуз төлөм инструменти катары кардарларыбыз үчүн тез жана ыӊгайлуу сатып алууларды ишке ашырат деп ишенебиз», деди «Бай-Түшүм» Банкы ААК Башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев.

«Биз «Бай-Түшүм» банкын Кыргызстанда биринчи жолу картаны токенизациялоо кызматынын ишке кириши менен куттуктайбыз. Технология өлкөдөгү банктык кызматтарды санариптештирүүнүн жаӊы этабын ачат, ошондой эле санариптик колдонуучу тажрыйбасын олуттуу жакшыртууга жана алдамчылыкты азайтууга салым кошот. Электрондук төлөмдөрдүн дүйнөлүк лидери катары Visa коопсуздукту, ишенимдүүлүктү жана ыӊгайлуулукту биринчи орунга коёт. Visa Token Service кызмат чечими толугу менен бул критерийлерге жооп берет. Биз смартфондорду жана гаджеттерди колдонуу менен контактсыз төлөмдөрдү ишке киргизүү Кыргызстанда санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн кошумча түрткү болоруна ишенебиз», деп комментарий берди Кристина Дорош, Борбордук Азиядагы жана Азербайжандагы Visa боюнча аймактык менеджер.

Visa Token Service кызматы Visa төлөм транзакциясынын бүтүндүгүн сактоо менен керектөөчүлөргө сатуучу түйүндөрдө, же Интернет аркылуу мобилдик түзмөктөрдү колдонуу менен үзгүлтүксүз соода тажрыйбасын камсыз кылат.  Visa Token Service кызматынын негизги артыкчылыктарынын арасында:

  • Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо: токендер төлөм карталарындагы 16 орундуу эсептин маалыматын номерлердин топтому менен алмаштырат. Бул жаӊы идентификатор санарип эсеп номери (токен) деп аталат. Анын милдети карта ээсинин жеке эсебинин купуя маалыматын бербестен төлөм операцияларын жөнөкөйлөтүү болуп саналат.
  • Колдонууну ыӊгайлаштыруу: токендерди белгилүү бир соодагерлерге, карталарга жана мобилдик түзмөктөргө ыйгарса болот. Visa картага токендин чыгарылышын жана коопсуздуктун жаӊы деӊгээлин камсыз кылган атайын түзүлгөн криптографиялык коргонууну колдонуу менен төлөм жүргүзүү үчүн, токен колдонула турган чөйрөнү көзөмөлдөйт.
  • Ыӊгайлуулук жана чыгымдарды азайтуу: жоголгон же уурдалган мобилдик түзмөктөргө байланган токендерди эсеп номерин өзгөртпөстөн же төлөм картасын кайра чыгарбастан заматта жокко чыгарса болот.
  • Жөнөкөйлөтүлгөн маалыматтарды иштетүү: токендер Эл аралык стандартташтыруу уюмунун (ISO) колдонуудагы стандарттарынын негизинде иштелип чыккан жана ал үчүн транзакция учурунда соода-кызмат көрсөтүүчү ишканалары, эквайэрлер жана эмитенттер тарабынан салттуу контактсыз төлөм карталары сыяктуу иштетилиши мүмкүн.

***

Visa компаниясы тууралуу маалымат

Visa (NYSE: V) – электрондук төлөм тармагында дүйнөлүк

лидер. Жыл сайын Visa 200дөн ашык өлкөдө керектөөчүлөрдүн, бизнестин, каржылык жана мамлекеттик уюмдардын ортосундагы транзакцияларды иштетет. Биздин милдет – керектөөчүлөрдүн жыргалчылыгын жана экономикалык гүлдөп-өнүгүүнү илгерилетүү үчүн дүйнөнү инновациялык, ыӊгайлуу, ишенимдүү жана коопсуз төлөм тармагы менен байланыштыруу. Биз экономикадагы бардык адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү кеӊейтүүнү дүйнө жүзү боюнча адамдардын бакубаттуулугун жогорулатууга жардам берет жана келечекте акчанын глобалдык кыймылынын негизи болоруна ишенебиз. https:/ /cis.visa.com/ru_TJ сайтында көбүрөөк билүү.

«Бай-Түшүм» банкы тууралуу маалымат

«Бай-Түшүм» банкы Кыргыз Республикасынын алдыӊкы финансылык институттарынын бири болуп саналат жана 8,9 млрд сомдон ашык жалпы активдери жана 173 миӊден ашык кардар базасы менен өлкөдөгү эӊ мыкты 10 банктын катарына кирет. Өзүнүн ишмердүулүгүнүн жүрүшүндө уюм, депозиттерди тартууга лицензиясы бар финансылык фонддон жана микрофинансылык компаниядан баштап толук банктык лицензиясы бар универсалдуу банкка айланды. Банк Кыргыз республикасынын аймагында 60 тейлөө кеӊселерин камтыган кеӊири филиалдык тармагына ээ. Топтолгон ийгиликтүү тажрыйба, анын ишмердүүлүгүнө эл аралык тажрыйбаны киргизүү жана бизнес процесстерин үзгүлтүксүз өркүндөтүү, кардарларга болгон жоопкерчиликтүү мамиле Банкка өз ишмердүүлүгүндө биринчилерден болуп чыгууга мүмкүндүк берди.

  • Кыргызстанда депозиттик лицензияны алган биринчи МФУ (микрофинансылык уюм)
  • Борбордук Азияда банктык лицензияны алган биринчи МФУ
  • Кыргызстанда 2014, 2016 – жылдары эл аралык SMART (Client protection principles) сертификатын алган биринчи банк
  • Kiva(нын) биринчи жана жалгыз өнөктөш банкы
  • тPos (the smallest mobile devices for card payments) Мобилдик терминалдарды ишке киргизген рынокто биринчи жана азырынча жалгыз банк
  • Кыргызстанда өзүнүн BTB Market маркетплейсин ачкан биринчи банк
  • Кыргызстанда Visa Token Service кызматы аркылуу BTB Pay контактсыз мобилдик төлөмдөрдү ишке киргизген биринчи банк