«Бай Түшүм» банкында VISA Classic картасы акысыз, ал эми VISA GOLD картасынын ээлери үчүн – 1% cashback.

27.05.2019

«Бай Түшүм» банкы төмөндөбөс калдык 0 (нөл) менен VISA Classic картасын чыгарууну жана тейлөөнү акысыз жүргүзмөкчү. Мындан тышкары онлайн тартибинде  VISA Classic жана VISA GOLD карталарына www.baitushum.kg/ru/zakaz-karty/ сайты аркылуу Бишкектин кеңселеринен же үйдөн эле тапшырык берүүгө болот.

«Картанын тапшырыгы тез арада болушу мүмкүн, мында Банк картаны 2 күндүн ичинде чыгарат, тез арада чыгарылгандыгынын жана жеткирип берүүнүн баасы бар болгону 500 сомду түзөт. Картага тапшырык берип, 5 күн күтө турууга да болот, бул учурда кардарга картаны көрсөтүлгөн дарек боюнча жеткирип беришет, ал эми жеткирип берүүнүн баасы болгону 100 сомду түзөт. Кардар сайтта арыз толтуруу учурунда өзүнө жакын жайгашкан кеңсенин дарегин алдын-ала көрсөтүү менен өзүнүн картасын ощол жерден алса да болот. Азырынча бул тейлөө Бишкекте эле көрсөтүлүүдө, бирок бара-бара биз онлайн-тапшырыктарынын географиясын кеңейтүүнү  жана бүткүл өлкөбүз боюнча жеткирип берүүлөрдү  уюштурууну мелжеп жатабыз»,- деп белгиледи маркетинг жана PR бөлүмүнүн башчысы Евгения Шатунова.

«Бай Түшүм» банкы VISA GOLD картасынын кармоочулары үчүн жагымдуу бонустарды да караштырып чыккан. Сатып алуулар жана тейлөөлөр үчүн төлөмдөрдү POS терминалдарда жана Интернет-дүкөндөрдө жүргүзүүдө банк ар бир транзакциядан 1% кешбэк түрүндө кайтарып берет. Сатып алуулар боюнча кешбэкти кайтарып берүү үчүн чектөө15 000 сомду түзөт.

Эсепке түшүүлөргө жана төлөмдөргө акысыз түрдө Мобилдик же Интернет банкинг аркылуу көз салууга болот. Бул өз акча каражатыңызды 24/7 тартибинде башкаруунун абдан ыңгайлуу жана эң сонун ыкмасы жана толук көзөмөлдөөнүн жана мобилдүүлүктүн мыкты мүмкүнчүлүгү  болуп эсептелет.

Google Play аркылуу Смартфонго  BTB 24 жүктөп алууну азыр эле жүргүзсөңүз болот: ➡ https://play.google.com/store/apps/detail же  App Store ➡ https://itunes.apple.com/us/app/btb24/id1456562572….