Велоспорттун 200дөн ашуун сүйүүчүлөрү Каракол шаарында «Бай Түшүм» ВЕЛОПАРАДЫНА катышышты

04.09.2017

Каракол шаарында Велоспорттун 200дөн ашуун сүйүүчүлөрү «Бай Түшүм» банкы жана Каракол шаарынын мэриясы демилге көтөрүп уюштурушкан  «Бай Түшүм» ВЕЛОПАРАДЫНА катышышты.

Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев куттуктоо сөзүндө демилге көтөргөндүгү жана бул иш-чарага демөөрчүлүк колдоо көрсөткөндүгү үчүн Банкка ыраазычылыгын билдирди. Велопарад жаңы масштабга өсүп чыгып, ага  катышкандар көп болду, ал эми көрүүчүлөрдүн саны 700гө жетти.

Данияр Арпачиев өзү жана Каракол филиалынын 10 кызматкери ушул параддын катышуучусу болушту жана шаардыктарга көңүлдүү, позитивдүү маанай тартуулоо менен,  Каракол шаарынын көчөлөрү аркылуу 12 чакырым жүрүштү.

Параддын жыйынтыгы боюнча Банк баалуу байгелерди тапшырды, ал эми параддын 2 бактылуу катышуучусу велосипеддин ээси болуп калышты. Акциянын аягында   Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык Күнүнүн урматына арналып, асманга аба шарлары учурулду.

IMG_0912IMG-20170904-WA0010IMG-20170904-WA0002

IMG_1000