“Биздин күчүбүз – биздин биримдигибизде жана ар түрдүүлүгүбүздө!» – ушундай ураандын алдында кызматкерлер үчүн “тимбилдинг” болуп өттү

03.08.2017

 

Биримдүүлүк, уюшкандык жана достук сезимдерин өстүрүү максатында филиалдар аралык футбол боюнча турнирдин алкагында турнирдин бардык 140 катышуучусу  «Шерсть TEAM» – «Команда түзүү» боюнча оюнга катышышты. Бул оюнга ар бир катышуучу катышууга тийиш жана команданын ар бир мүчөсү өзүн командадагы абдан керектүү жана маанилүү мүчө экендегин сезе билиши керек.

«Оюндун жүрүшүндө ар түрдүү жиптерден токулган эң сонун килем пайда болду. Ал жиптер Банктын бардык кызматкерлерин бир бүтүндүккө бекем туташтырып, филиалдардын, сактык кассалардын жана башкы кеңсенин бардык кызматкерлеринин ортосундагы коммуникацияны символдоштуруп турду. Биз баарыбыз бир бүтүн нерсенин бөлүкчөсү катары жалпы бир максатка жетүүгө багыт алганбыз. Жалпы командалык натыйжа –  туташтыруучу жиптер – коммуникациялар канчалык бекем болгондугуна байланыштуу»,- деп белгиледи «Бай Түшүм» банкынын HR кызматкери Айнура Максутова.

Тренингдин атмосферасы жакшы эмоцияларга жана күлкүгө толуп, бардык катышуучуларга зор шыктанууну жана көңүлдүү маанайды тартуулады.

_DSC0410 _DSC0414

_DSC0435