Банкта өрткө каршы окуулар өткөрүлүүдө

25.04.2018

Жакында «Бай Түшүм» банкынын Башкы кеңсесинде, Нарын, Баткен жана Караколдогу филиалдарында өрткө каршы окуулар өткөрүлдү. Окууларды ӨКМдин өкүлдөрү өткөрүштү. Банктын кызматкерлери өрт өчүргүчтү кандайча пайдаланууну, биринчи жардамды көрсөтүүнү, форс-мажор абалындагы жана өрт чыккан учурдагы аракеттердин эрежелерин  эстерине салышты.

Мындай окуулар биздин банктын бардык филиалдарында  май айынын орто ченине чейин өткөрүлөт.

Азырынча, кокус өрт чыккан учурда куткарууга өбөлгө болуучу кыскача көрсөтмөнү Сиздерге сунуштайбыз  

  1. Имаратта өрт башталганын билээр замат, сыртка чыгууга карай жөнөңүз.
  2. Тревога окуулук деп жарыя кылынаарын күтпөңүз: өрт чын эле чыгып калуусу толук мүмкүн, Сиз эң керектүү убакытты өткөрүп албаңыз.
  3. Кокус өрт Сиздин жаныңызда башталып калса, анда коопсуздук кызматкерлерине билдириңиз, же өрт сигнализациясынын кнопкасын басыңыз.
  4. Эгерде өрт өчүргүч жакын жерде турса – аны колдонуңуз. Андан кийин тезинен эшикке чыгууга жөнөңүз.
  5. Чуркабаңыз, тез-тез кадамдап басыңыз. Жолдо жолуккандарга имаратта өрт чыкканын жана коркунучтуу жерден болушунча тезирээк кетүү керектигин токтоолук менен билдириңиз. Калбаат болуңуз жана дүрбөлөң баштабаңыз.
  6. Эгерде түтүн каптоо башталса, анда эңкейип алып басууга аракет кылыңыз: түтүн өйдө көтөрүлөт.
  7. Кандайдыр бир чүпөрөктү (сүлгүнү, шапканы, шарфты, мээлейди, жеңди) суулап алуунун мүмкүнчүлүгүн табыңыз –аны менен бетиңизди жабыңыз.
  8. Өзүңүздүн артыңыздан эшиктерди сөзсүз түрдө жабыңыз жана терезелерди эч убакта ачпаңыз – шамал өрттү күчөтөт.
  9. Эгерде имараттан чыгып кетүүгө жетишсеңиз, анда кайра артка кайрылбаңыз. Андан көрө ӨКМдин кызматкерлерине кайдан чыкканыңызды жана ал жакта адамдар бар, же жогун билдиргеңиз жакшы болот.
  10. Эгерде имараттан чыгуунун мүмкүнчүлүгү болбосо, анда бардык жылчыктарды жана шамалдатуучу тешиктерди бекемдеп жабыңыз, полго жатыңыз. Эң негизгиси – өрткө каршы кызматтын телефонун: 101 жана 112 номурун унутпаңыз.

 МААНИЛҮҮ!  Эч убакта:

? Лифтке кирбеңиз. Өрттүн алгачкы белгилери эле башталганда лифттер өчүрүлүүгө тийиш.

? Жогорку кабаттарга чыгууга аракеттенбеңиз: ал жактарда түтүн көп топтолот.

? Эгерде кийимиңиз күйүп баратса, анда чуркабаңыз: чуркаганда от күч алат. Андан көрө жерге жата калып, тоголонууга аракет кылыңыз, мында отту өчүрүүнүн мүмкүнчүлүгү бар.

? Эң башкысы – дүрбөлөңгө түшпөңүз! Адистердин эсептөөлөрү боюнча өрттөн коргонуп калууга мүмкүн болгон убакыттын  70% зы дүрбөлөңгө түшүп, чак-челекей болууга кетип калат экен.

Бул маалыматты досторуңуз менен бөлүшүңүз.  Бул жөнөкөй билим өрт чыккан учурда кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калуусу мүмкүн. ?