“Бай Түшүм” банкынын “Токмок-Социум” уникалдуу долбоору энергосарамжалдуулук боюнча Стамбулда өткөн Форумга көрсөтүлдү

18.09.2015

“Бай Түшүм” банкынын Башкармалыгынын тєрагасынын биринчи орун басары Нургул Торобаева энергосарамжалдуулук боюнча 15-17-сентябрь күндөрү Стамбулда өткөн Форумда “Токмок-Социум” уникалдуу долбоорун ишке ашыруунун тажырыйбасы жөнүндө кеңири маалымат берди.

Бул иш-чаранын уюштуруучусу Онүгүүнүн жана реконструкциялоонун Европалык Банкы жана UnitedNationsEnvironmentProgrammeFinanceInitiative (UNEPFI) болушту. Форумга Европа жана КМШ өлкөлөрүнүн ар түрдүү финансы институттарынын өкүлдөрү энергосарамжалдуулук багытындагы инвестициялык ийгиликтүү долбоорлорун алып чыгышты.

“Бай Түшүм” Банкы Чүй облусунун Токмок шаарында бюджеттен маяна алуучулар үчүн курулуп жаткан коттеждер шаарчасын көрсөттү. Форумдун катышуучулары “Токмок долбоорун” бюджеттик кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу багыты боюнча донорлор, финансылык сектор жана мамлекеттик уюмдардын ортосундагы кызматташуудагы жаңы кадам катары баалашты. Жергиликтүү башкаруу уюмдары турак жай көйгөйүн чечүү үчүн калкты кеңири тартууга жетишишти жана донор уюмдардын-өнүгүүнүн жана реконструкциялоонун Европалык банкынын (ЕБРР), Европа Биримдигинин (ЕС) жана “Бай Түшүм” Банкынын колдоосуна ээ болушту.

2014-жылы Токмок шаарынын мериясы Токмок шаарындагы бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу максатында Кыргызстанда туруктуу энергияны финансылоо программасы (KYRSEFF) жана “Бай-Түшүм” Банкы менен биргеликте “Бюджеттик кызматкерлер їчїн жеўилдетилген ипотека” долбоорун ишке киргизишкен. Жеңилдетилген  финансылоо боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн “Бай Түшүм” Банкы 34 млн. сомдон ашуун акча каражатын бөлгөн. Долбоордун алкагында бюджеттик уюмдардын 56 кызматкери: мугалимдер, медиктер, социалдык кызматкерлер «Социум» деп аталган жаңы коттеждер шаарчасындагы жеке үйлөрдүн ээлери болуп калышмакчы.

Бүгүнкү күндө бул шаарчадагы 6 үйдүн курулушу аяктап калды, калган 8 үй планга ылайык 2016-жылы пайдаланууга берилүүгө тийиш.

Бул долбоор бир нече параметр боюнча өзгөчө экендигин белгилеп кетүү зарыл, анын өзгөчөлүгү – KYRSEFF программасынын насыяларынын эсебинен гранттык колдоо берилүүчү энергосарамжалдуу технологиялар пайдаланылгандыгында.

Уйлөрдү куруу учурунда, курулуштагы эң пайдалуу ыкма болуп эсептелген, каркастык технология пайдаланылат. Каркас уйлөрдүн көп кабаттуу дубалдары жана анын долбоорунун тактыгы үйдүн курулушун жүргүзүү этабында кадимки курулушка караганда курулуш материалдарынын чыгымы азыраак болушуна шарт түзөт. Муну менен турак жайдын коопсуздугу жана жер титирүүгө туруктуулугу камсыз кылынат, їйлєрдє катуу отун жагылуучу энергосарамжалдуу мештерди пайдалануу менен автономдуу жылыткычтар жана шамалдаткычтар тармагы орнотулган. Бардык үйлөр энергосарамжалдуу багыт боюнча KYRSEFF программасынын консультанттарынын сунушу менен  макулдашылып,  бирдей дизайндын негизинде курулган.