Компания мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун иш-аракеттерин жөнгө сала турган документацияны иштеп чыгуу боюнча тендер жарыялайт

25.05.2012

Компания  тендер жарыялайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун иш-аракеттерин жөнгө сала турган, документацияны иштеп чыгуу жана аны мамлекеттик каттоо үчүн юридикалык компанияларды/фирмаларды чакырат.

Техникалык тапшырма төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Төмөнкү документтерди иштеп чыгарууну:

  • фонддун уставын;
  • фонддун демөөрчүлүк келишимин;
  • аманатчылардын жана алуучулардын жеке жактардын болжолдуу санын көрсөтүү менен экономикалык негиздөөлөрдү, максаттуу акчалай мүчөлүктөрдүн жана төлөп берүүлөрдүн (иш-аракеттердин биринчи 2 жылына карата) болжолдуу көлөмдөрүн, тартиптин ар бир варианттары боюнча фонд тарабынан кабыл алына турган милдеттемелерди тастыктоочу эсептешүүлөрдү, максаттуу акчалай мүчөлүктөрдү салып киргизүүнүн шарттарын жана эсептешүү ыкмасын жана эсептөөлөрдө колдонула турган чыгыш маалыматтарды тиркөө менен төлөп берүүлөрдү жүргүзүүнү көрсөтүү менен фонддун иш-аракеттеринин (бизнес-планынын) келечектүүлүгүнүн негиздөөрлөрүн;
  • фонддун, аманатчынын жана пенсияларды алуучунун өз ара мамилелерин, укуктарын, милдеттемелерин жана жоопкерчиликтерин аныктоочу фонддун эрежелерин;
  • фонддун пенсиялык схемаларын;
  • пенсиялык келишимин;
  • башкаруучу компания менен келишимин.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык мамлекеттик эмес пенсиялык фондду мамлекеттик каттоону.

3. Лицензия алууну.

Тендердик өтүнмөгө карата талаптар менен сиз https://www.baitushum.kg/ru/about/tenders/ шилтеме боюнча тааныша аласыз.

Тендерге катышууга карата материалдар 2012-жылдын 15-июнуна чейин кабыл алынат.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыздар:

Бишкек ш., Токтогул көч., 216, тел.: (312) 900 461.