«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы КИВА Фонду жана GIZ программасы менен биргеликте баштапкы бизнеске насыяларды киргизди

05.07.2012

 «Бай-Түшүм жана Партнерлор» микрофинансы компаниясы Кива Фонду жана эл аралык кызматташуу (GIZ)  боюнча Герман коомчулугунун “Кыргыз Республикасынын  экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү” программасы менен биргеликте баштапкы бизнеске жеңилдиктери менен жаңы насыя түрүн киргизди. Бул насыя аялдар менен жаштардын ишкердик чыгармачылыгын каржылоону карайт.

Тандалган кардарлар CEFE методикасы боюнча “Өзүңдүн бизнесиңди башта” деген темада окушат  (ал «жаңы  экономиканы билимдүү жана иш билгиликтүү ишкерлер калыптандырат» дегенди түшүндүрөт). Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларды жеке бизнести ачуу менен аны жүргүзүүнүн негиздерине окутушат. Башкача айтканда, алар жеке бизнести ачуу үчүн эмнелер зарыл экени, өнүмдү кантип жаратуу жана аны кантип сатуу керектиги, чыгашалар жана көптөгөн башка нерселер болбос үчүн каржы эсеп-кысабын кантип жүргүзүү жөнүндө билимине ээ болушат.

Кыргызстан жашоочуларынын каржы жагынан сабаттуулугун  жогорулатуунун маанилүүлүгүн түшүнүү менен окутуу программасына ошондой эле “Келечегиңди планда” деген каржы сабаттуулугу боюнча сессия киргизилген.

“Өзүңдүн бизнесиңди башта” программасы боюнча алынган билимдер, ошондой эле насыя алкагында каржылап берүү  элдин экономикалык активдүү катмарынын ишкердик демилгелерин колдоого жакшы мүмкүнчүлүк болуп берет, ал сөзсүз түрдө алардын жашоо деңгээлин жакшыртууга жана үй-бүлөлөрүнүн байгерчилигин өстүрүүгө алып келет”, — деп «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКынын Башкы менеджеринин орун басары Нүргүл Төрөбаева белгиледи.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы  микрокаржылоо рыногунда 11 жылдан ашуун убакыт бою иштеп келе жатат. Ушул убакытка чейин  120 миңден ашык  кыргызстандыктар 9,7 млрд. сомдон көбүрөөк суммага насыя алышкан. Бүгүнкү күндө  Компания микрофинансы секторунун эң ири уюмдарынын биринчи үчилтигине кирет жана насыя баштыгынын жалпы көлөмүнүн 19%дан көбүрөөк үлүшүнө ээ, ошондой эле  ишеним арткан, бир эле Кыргызстанда эмес, Борбордук Азияда да таза абройлуу туруктуу компания болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө Компания бүтүндөй республика боюнча 63 кеңсесине ээ, алардын көбү, бул 80%дан көбү, өлкөнүн аймактарында жайгашкан. 2011-жылдын 15-июлунда «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы депозиттик лицензияны алган Кыргызстандагы биринчи микрофинансы уюму болду.

Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) тапшырмасы менен  Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомчулугу) тарабынан ишке ашып жаткан «Кыргыз Республикасынын  экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү»  программасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттарына колдоо көрсөтөт. Программа 2008-жылдан тартып ишке кирген. Жумуш реформанын саясатын, кошулган нарктын чынжырын бекемдөөнү, аймактык экономикалык өнүгүүнү, каржы кызматтарына жетүү мүмкүндүгүн камтыган төрт компонент боюнча жүрүүдө. Программанын иш-чарасы калктын жумуштуулугун жана кирешени жогорулатууга өбөлгө түзүүчү өлкөнүн экономикасына түзүмдүк өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган.

Мисалга алсак, жумушсуз аялдар менен жаштар үчүн программа менен көптөгөн тренингдер жүргүзүлүүдө, аны аяктагандан кийин алар өздөрүнүн жеке ишин түзүүгө кереги тийген билим менен көнүккөндүктөрдү алып чыгышат.

КИВА Фонду дүйнө жүзүндөгү элдердин социалдык-алсыз катмарын насыялоо жана жакырдыкты жеңүү боюнча жалпы ишмердүүлүккө салым кошуу максатында адамдарды бириктирген Интернет-платформа болуп эсептелинет. Кива Фонду дүйнөнүн 62 мамлекетинин 154 микрофинансы уюмдары менен кызматташат.