«Бай-Түшүм жана Партнерлор» микрофинансы банкынын колдоосу менен Бишкекте жыл сайын өтө турган «Окуучулар эркин ишкердүүлүктө» долбоору ишке кирди

09.11.2012

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» микрофинансы банкы, жыл сайын SIFE AUCA командасы тарабынан ишке ашырылуучу «Окуучулар эркин ишкердүүлүктө» долбоорунун башкы демөөрчүлөрүнөн болду. Бул долбоордун жүрүшүндө катышуучулар бизнес-планды даярдоо, экономиканын негиздери менен социалдык жоопкерчилик боюнча атайын тренингдерди өтүшөт. Тренингдер, AUCAнын окутуучулары, ишкерлер жана бизнес-машыктыргычтар менен өткөрүлөт.

«Калктын каржы жагынан сабаттуулугун жогорулатуу боюнча демилгенин алкагында биздин Банк, экономикалык билимдин багыттарын, жаштардын ишкердик көндүмдөрү менен мамилелерин өнүктүрүүнү камтыган долбоорлорду жигердүү колдойт жана каржылайт. Бүгүнкү күндө жаштардын экономикалык жактан сапаттуу билим алуусуна өзгөчө көңүл бөлүү керек жана экономиканын негиздери менен бизнести пландоо процессине окутууну мектеп партасынан эле окутууну баштоо керек», – деп «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФБнын башкы менеджери Гульнара Шамшиева белгиледи.

Тренинг менен 13 мектепти жана чоң класстардын 130 окуучусун камтуу пландалууда, анын натыйжасы болуп ишкердикке болгон жаштардын кызыккан көз карашын калыптандыруу жана бизнес идеяларды иштеп чыгуу боюнча практикалык билимди иштетүү, маалыматтарды топтоо, талдоо жүргүзүү жана аны ишке ашырууну түздөн-түз пландоо эсептелет. Бизнес-долбоорлорунда, ошондой эле бизнести социалдык жоопкерчилик менен курчаган чөйрөгө этият мамиле жасоонун алкагында жүргүзүү зарылдыгын жаштарда калыптандырууга мүмкүндүк берген социалдык компонент каралган.