«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын финансылык колдоосунун алдында Кызыл-Булак айылынын ирригациялык системасы калыбына келтирилди

31.05.2013

2013-жылдын 23-майында Баткен областынын Кызыл-Булак айылында Банктын өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, айыл аксакалдарынын катышуусу менен оңдоодон өткөрүлгөн ирригациялык каналды ишке киргизүүгө өткөрүү боюнча салтанаттуу аземи болуп өттү.

Айылда 780ден ашык үй чарбалары бар, алардын көпчүлүгү айыл-чарбачылык, жашылча жана жемиштерди өстүрүү менен иш жүргүзүшөт. Бирок, ирригациялык каналдардын бузулган абалдарынан улам айылдын жашоочулары буга чейин айдоо жерлеринин 140 га гана өздөштүрүп келишкен, бул жыл сайын 100 тоннага жакын алма, буудай жүгөрүнү жоготууга алып келген.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы аны калыбына келтирүүгө 560 000 сом бөлүп берип оңдолгон жаңы ирригациялык каналы 185 га жакын айдоо жерлерин толук көлөмдө өздөштүрүүгө жана жоготуусуз жакшы түшүм жыйноого мүмкүндүк берет. Канал боюнча суу коё берилди, бул жылы жергиликтүү жашоочулар жогорку түшүмдүүлүктү болжолдошууда, бул айылдын 4000 ден ашык жашоочуларынын финансылык бакубатчылыгын жакшыртууга алып келет.

Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы жалпы суммасы 4,1 млн-дон ашык сомго Талас, Чүй, Жалал-Абад жана Ош областтарында 7 социалдык долбоорлорду каржылады жана аларды ийгиликтүү бүткөрдү. Экономикалык потенциалды жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшө турган, ошондой эле аймактарда иче турган сууга жетүүнү камсыз кылуу боюнча социалдык-маанилүү долбоорлорду каржылоону Банк мындан ары да улантат.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы тууралуу 
 «Бай-Тушум жана Партнерлор» ACDI/VOCA өнүктүрүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды.  12 жылдан бери иштеген уюм, 100 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады  тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.