«Жеткиликтүү Турак жай» мамлекеттик программасы боюнча пайыздык чени 2%га төмөндөтүлдү

05.10.2016

1-октябрдан тартып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү Турак жай: 2015-20120» Программасы боюнча пайыздык чени төмөндөтүлдү:

– Ипотекалык насыя боюнча  10 %дан 20 %га чейин баштапкы төлөмдү төлөгөн учурда, же баштапкы төлөмдүн ордуна кошумча күрөө коюлган учурда- жылдык 12%;

– Ипотекалык насыя боюнча  20 %дан 30 %га чейин баштапкы төлөмдү төлөгөн учурда- жылдык11 %;

– Ипотекалык  насыя боюнча  30 %дан жогору баштапкы төлөмдү төлөгөн учурда- жылдык 10 %

– Жекече турак жайды куруп жаткан мезгилде, ипотекалык насыя боюнча  20 %дан жогору баштапкы төлөмдү төлөгөн учурда- жылдык 14 %

– Жекече турак жайдын курулушун бүткөндөн кийин- жылдык 10 %

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген пайыздык чен 2017-жылдын 1-мартына чейин колдонулат.  Ушул программа боюнча насыя алуунун кеңири шарттары менен мына бул ссылка аркылуу тааныша аласыздар: https://www.baitushum.kg/ru/retail-banking/loan-products/smc/