“Школа Банкира -2019” от банка Бай Тушум

20.12.2018

Достор!

Бул жылы эки агым болот:

❄ 1-чи агым. 1чи агым Бишкек шаарында 14 – 25 январда  “Бай Түшүм” банкынын Бишкектеги башкы кеңсесинде өтөт. Тренингтерден жана сынакттардан өткөн катышуучуларды банктын Бишкектеги, Чүйдөгү, Ысык-Көлдөгү, Таластагы жана Нарындагы филиалдарында жумуш оруну күтөт.

❄ 2чи агым. 11-22 февралында банкир мектеби Жалал-Абад шаарында өтөт  Сабак өткөрүүгө биздин Жалал-Абаддагы Осмонова 30а көчөсүндө жайгашкан филиалыбыз аянтча болуп берет.  Бул банкир мектебинин катышуучулары “Бай Түшүм” банкынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен филиалдарына жумушка орношо алышат.

 

Сабактын жүрүшүндө биз атайын банктын сатуу негизиндеги насыя, коммуникациялык жөндөмдүү үйрөтүү, кардарды тейлөө жана банкирге эң керектүү программаларына токтолобуз. Мындан тышкары бул эки агымдан катышуучуларын биздин команда даярдаган сюрпризи күтөт, ал боюнча ар бир катышуучу өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп ача алат.

Мектепте окуу акысыз, бирок сынак жогорку деңгээлде, ошондуктан катышууга же банк боюнча кызыккандар эгерде болсо, анда бул дарекке “Жайкы банкир мектеби. Бишкек” же “Жайкы банкир мектеби, Жалал-Абад” деп эртерек жөнөтүнү сурайбыз: baitushum@baitushum.kg

Биз Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын жогорку окуу жайдагы же экономикалык багыттагы колледждердин бүтүрүчүлөрүн күтөбүз, кыйындыктан коркпогон, жаңыны билигиси келген, Кыргызстандын эң ири бир банкынан карьералык өсүштү каалагандар болсо, өз мүмкүнчүлүгүңүздү өткөрүп албаңыз!