“Мобильник” компаниясы менен маалымат алмашуу калыбына келтирилди. “МобильникДеньги” капчыгынын ээлери акчаларын “Бай Түшүм” банкындагы эсептерге которо алышат

05.02.2019

“Мобильник” компаниясы менен маалымат алмашуу кайра калыбына келтирилгенден кийинтастыкталган “МобильникДеньги” капчыгын колдонучулары акчаларын “Бай Түшүм” банкынын эсептерине которо алат. Керектүү жагдайда жакынкы банктын кеңселерине келип, өз акча каражаттарыңызды ала аласыз.  
Эгерде колдонучу тастыкталбаса анда, кардарга “Бай Түшүм” банкынын каалаган кеңсесине https://www.baitushum.kg/ru/branches/  паспортуңуз менен келип, банктан тастыкталып, өз акчаларыңызды которо аласыз.

 

Кошумча суроолор боюнча банктын номерлерине чала аласыздар:(0 312 ) 905-805,    WhatsApp     (0 777 ) 905-805. 24/7