Рубль менен SWIFT которууларын АКЫСЫЗ жөнөтүү боюнча акция улантылды

07.06.2019

Урматтуу кардарлар, ушуну менен рубль менен SWIFT которууларын АКЫСЫЗ жөнөтүү боюнча акция, «Бай Түшүм» банкынан рублдерди сатып алган учурда, 6-сентябрга чейин улантылгандыгын Сиздерге билдиребиз. Биздин кеңселерибиздин бирине келип, же  Интернет-банкинг тармагы аркылуу бир нече шилтем аркылуу рубль менен которууларды жөнөтүңүз.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн накталай эмес рублдер «Бай Түшүм» банкынан алынууга тийиш экендигин эсиңиздерге алыңыздар.

Эгерде Сизде суроолор пайда болсо, анда биздин сутка боюу иштөөчү Байланыш борборубузга кайрылыңыз.