Жеке адамдар үчүн салык декларациясын толтуруу боюнча жардамчы

19.08.2020

Урматтуу кардарлар, белгилүү бухгалтер, финансы маселелери боюнча консультант Александр Мельников менен бирге биз Банктын сайтында жаңы опцияны ишке киргиздик. Жеке адамдар үчүн салык декларациясын толтуруу боюнча жардамчы – бул абдан ыңгайлуу!

Сиз кирешелер боюнча маалыматтарды гана киргизесиз, ал эми акылдуу калькулятор менен жабдылган жардамчы өзү эсептеп чыгарат жана керектүү графаларды толтурат. Декларация pdf форматында түзүлөт. Аны басып чыгарса болот, өз фамилиясын, атын, атасынын атын жана паспорт маалыматтарын кол менен жазып, өз райоунун Салык кызматына алып барса болот.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу жеке адамдар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылган. Көп убакыт коротпоо жана баарын туура жасоо үчүн, жардамчынын биздин сайттан пайдаланыңыз:  https://www.baitushum.kg/ru/deklaratsiya-2/.