“Кыялдан. Сакта. Ишке ашыр” сынак жыйынтыгында

18.04.2019

“Кыялдан. Сакта. Ишке ашыр” балдар сүрөт сынагынын  жеңүчүүлөрүн сыйлоо учурунда, биз балдар менен сүйлөшүп, алардан сүрөткө кандай негиз салганын жана келечекте кандай кесип тандарын сурадык. Жооптор өтө кызыктуу болуп чыгышты. 

Талас шаарынын жеңүчүүсү Каныкей Кушунова сүрөттө өзүнүн бизнес планын – гүл өстүрүп сатуу оюн ойлоп салганын айтты. Айтмакчы, Каныкейдин А.Огонбаев атындагы бий кружогуна барарын биз дагы билбедик жана анын келечекте Парижде өнөр көрсөткүсү келерин.?

Кызыл-Кыядагы Жасмина Минажиддинова өзүнүн темасын жаратылышты коргогон арнаган, а бирок келечекте дизайнер болгусу келет экен, ал үчүн көп окушу зарыл экен.

Бишкек шаарынынын жеңүчүсүү Майя Мамбетисаева өзүнүн сүрөтүнүн мындай чагылдырат: “Мисалы сен акча табасың, ал акчаны топтоп, өзүңдүн кыялыңа жумшасаң болот. Өзүнүн сүрөт тартуу талантына карабастан, кыз хирург болгусу келет экен.

Дагы бир жеңүчүү Бишкек шаарынын тургуну  Бермет Туркменова сүрөт ишин мындайча түшүндүрөт,  сүрөттө анын иниси акча чогултучу түйүнчөк менен тартылганын айтат: “Тыйын чогулкуч” – бул ишенимдин жана коопсуздуктун белгиси, андан көрүнүүчү жарык түс байлык менен анын кыялын билдирет. Бул жарыктан ар түркүн билимдин багыттын көрүүгө болот, аларды бириктирген ак шумкар – тазалыктын жана ойдун асылдыгын билдирет”. ?

Достор,
Башкы банктын кеңсесинде биз белгисиз себептерден шейшемби күнү келбей калган жеңүчүүлөргө белектерди берүүнү улантабыз.