2026-жылдын 19-октябрында процессинг инфраструктурасында пландуу техникалык иштер жүргүзүлөт

16.10.2026

Урматтуу кардарлар!

Сиздерге Банктын процессинг инфраструктурасында программалык камсыздоону пландуу жаңыртууга байланыштуу 2026-жылдын 19-октябрында техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.
Техникалык иштер саат 04:00дөн 06:00гө чейин жүргүзүлөт. Иштердин жүрүшүндө VISA карталары боюнча операциялардын иштөөсүндө жалпы узактыгы 20 мүнөткө чейин болгон кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр орун алышы мүмкүн.
Техникалык иштер транзакцияларды иштетүүнүн туруктуулугун жана ылдамдыгын жогорулатууга, ошондой эле банктык карталар менен жүргүзүлгөн операциялардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Техникалык иштер жүргүзүлүп жаткан учурда VISA карталары боюнча айрым төлөм операциялары, атап айтканда, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүү жана башка коммерциялык банктардын терминалдык жабдууларында (банкоматтарда (ATM) жана POS-терминалдарда) операцияларды жүргүзүү убактылуу жеткиликсиз болот.
Жаңыртуу иштери аяктагандан кийин бардык кызматтар кадимки режимде иштей баштайт.

Биз карталарыбызды жана төлөм кызматтарыбызды колдонууда сиздер үчүн максималдуу ыңгайлуулукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылууга умтулабыз.
Банктын башка бардык кызматтары кадимки режимде иштейт.
Финансылык операцияларыңызды алдын ала пландаштырууну өтүнөбүз.

Түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар жана ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Урматтоо менен,
«Бай-Түшүм» ААК Банкы