“МобильникДеньги” электрондук капчыгынын акчалары “Бай Түшүм” банкында жайгашкан

04.02.2019

“МобильникДеньги” электрондук капчыгынын акчалары “Бай Түшүм” банкында жайгашкан жана “Мобильник” компаниясынын сервисиндеги техникалык катачылыктар чечилгенден кийин кардарларга кайтарылат.

«Бай-Түшүм» банкы “МобильникДеньги” электрондук капчыгынын акча калдыктарынын сакталуу жана кийин төлөнөрүн билдирет. “Мобильник” компаниясы менен маалымат алмашуу процессин калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Процесс бүткөндө акча каржаттары бериле баштайт, биз бул туралуу кошумча кабарлайбыз.

Эске алсак, “Бай Түшүм” банкы 2019-жылдын 1 февралында “МобильникДеньги” электрондук капчыгынан накталай акча каражаттарын берүүнү “Мобильник” компаниясындагы техникалык көйгөйлөрүнөн улам токтоткон.

“Бай Түшүм” банкы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Кошумча суроолор пайда болсо, чалыңыз: (0 312 ) 905-805,    WhatsApp     (0 777 ) 905-805.