«Мобильник» ЖЧКсы «Мобильник Акча» электрондук капчыгындагы калдыктар боюнча маалыматтарды алмашуу боюнча техникалык көйгөйлөрдү калыбына келтире элек.

08.02.2019

Урматтуу кардарлар,

Ушул маалымат аркылуу Сиздерге «Мобильник» ЖЧКсы «Мобильник Акча» электрондук  капчыгындагы калдыктар боюнча маалыматтарды алмашуу боюнча техникалык көйгөйлөрдү калыбына келтире элек экендигин билдиребиз.    Ушуга байланыштуу «Бай Түшүм» банкынын акча каражатын берүүнү баштоого мүмкүнчүлүгү жок. 

Биз «Мобильник» ЖЧКсы маалыматтарды алмашууну калыбына келтирүүнү өтө кыска убакыттын ичинде жүргүзөт жана биз электрондук  капчыктарда жайгашкан акча каражаттарын берүүнү кайрадан баштайбыз деп ишенебиз.  Биз бул жөнүндө Сиздерге сөзсүз түрдө кошумча маалымат беребиз.

Ошондой эле Сиздердин көңүлүңүздөрдү, эгерде Сиздер«Мобильник» терминалдарын же  «Мобильник Акча» электрондук капчыгын пайдалануу менен  электр, Интернет, уюлдук жана фиксирленген байланыш жана башка коммуналдык тейлөөлөр   үчүн төлөмдөрдү жүргүзүп койгон болсоңуздар жана Сиздердин төлөмдөр чегерилбеген болсо, анда түздөн-түз  «Мобильник» ЖЧКсына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

«Мобильник» ЖЧКсынын тейлөөлөрдү көрсөтүүчүлөр менен түздөн-түз келишимдери түзүлгөн, алар  ЭСЕПТЕШҮҮЛӨРДҮ ӨЗ УБАГЫНДА ЖҮРГҮЗҮҮГӨ  МИЛДЕТТҮҮ.   

Акча каражатын кайтарып алуу үчүн Сиздер «Мобильник» ЖЧКсына:  +996 (312) 97 67 39, 0 (700) 976 739 номурлары боюнча кайрылууңуздар керек.

«Мобильник» ЖЧКсынын дареги:  (Mobilnik), Кыргыз Республикасы, 720010 Бишкек ш., Разаков көч., 15

Кошумча суроолор жаралган учурда  банктын байланыш борборуна  кайрылыңыздар: (0 312 ) 905-805, WhatsApp (0 777 ) 905-805.