Орозо айт майрамына карата Компания Республикаынын бардык аймактарында кайрымдуулук жардам көрсөттү

06.09.2011

Орозо айт майрамына карата Компания туруктуу иштеген социалдык программанын чегинде даректик кайрымдуулук жардам көрсөттү. Жардам акциянын чегинде, Бишкек шаарындагы дүлөйлөр үчүн Республикалык атайлаштырылган мектеп-интернатына, Түп районундагы Ак-Булуң айылындагы «Мээрим Булагы» балдар үйүнө, Ош шаарындагы сокур жана начар көргөн балдар үчүн мектеп–интернатына кийим, тамак-аш продуктылары жана самын жана башка кир жуучу каражаттар түрүндө жардам көрсөтүлдү. Жалал-Абад шаарындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы  №1-Балдар үйүнүн жана Бакай-Ата районунун «Чалдыбар» мектеп–интернатынын балдарына мектептик формалар жана спорт инвентарлары сатылып алынып, аларга берилди. Баткен жана Нарын шаарларында да акция уюштурулду, анын чегинде 50 алсыз жакыр пенсионерлерге тамак-аш продуктылары таратылды.

Кайрымдуулук иш-чаралары  ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз Карандысыздыгынын 20-жылдыгына дагы арналып өткөрүлгөндүгүн белгилей кетсек болот, анын чегинде балдар үйлөрүндө «Биздин Кыргызстан» темасына балдардын сүрөттөрүнүн конкурсу өткөрүлдү. Конкурс жылуу маанайда өттү жана бир да бала белексиз жана көңүлү чөгүп калган жок.

Баткен шаарынын жүрүзүлө турган иш чаралардын чегинде шаардын социалдык жана экономикалык өнүгүшү үчүн шаардын Мэриясы тарабынан «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКнын ардак грамотасы тапшырылды. Жолугушууда, шаардын турмушунда активдүү катышуусу жана кайрымдуулук акцияларын туруктуу уюштуруп тургандыгы  үчүн  шаардын мэри Эрматов Сайдакмат Сейтказыевич Компанияга чын ниеттен айтылган сөздөрүн билдирди.