Нурланбек Алымбеков «Бай Түшүм» банкынын Жалал-Абаддагы кеңсесинин насыя бөлүмүнүн адиси

01.03.2019

«Бай Түшүм» банкынын Жалал-Абаддагы кеңсесиндеги биздин кесиптешибиз Нурланбек Алымбеков «Бай Түшүм» банкында 4 жылдан бери иштеп келе жатат.

«Мага өз ишим жагат, бул жерде бардыгы менин көңүлүмдөгүдөй. Башкысы келген адамдарга алардын оюндагысын ишке ашырууга жардам берүүгө менин мүмкүнчүлүгүм бар жана алар менен баарлаша алам», –дейт

   

Нурланбек. Ал өз карьерасын  И. Раззаков атындагы КМТУдагы Башкаруу жана бизнес Институтунун 3-курсунун студенти кезинде эле баштаган болчу.

Нурланбек ойлонуп туруп, өз жашоосун банк менен байланыштырды жана филиалдын менеджерине чейин өсүүнү, балким директорлор Кеңешинин мүчөсү болууну да кыялданат.

«Насыя бөлүмүнүн адиси болуу – өтө келечектүү багыт. Ал банктын бардык ишмерчилигин ичинен өздөштүрүп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт, иштин жүрүшү да көп нерсени  үйрөнүүгө өбөлгө болот. Бирок негизги ишимден башка да менин жашоомдо көп кызыктуу нерселер бар: мен футбол жана теннис ойнойм, ырдаганды жакшы көрөм. Менин досторум «таланттуусуң»  деп айтышат», -дейт Нурланбек.

Эгерде сиз дагы биздин кесиптешибиз болууну кааласаңыз, анда резюмеңизди: ➡  baitushum@baitushum.kg дарегине, каалаган ордуңузду белгилөө менен жөнөтүңүз. Мисалы, бизде азыр көпчүлүк филиалдарыбызда чекене продукту сатуу боюнча жана сатуу боюнча универсалдуу адистердин (насыялык адистер)  вакансиялары ачык. Кызматтык милдеттери жана талапкерлерге коюлуучу талаптар жөнүндө кеңири маалыматты бул жерден алууга болот:

➡ http://www.baitushum.kg/ru/vacancy/. ?

#bankbaitushum_команда #baitushumteam