Жаңы ачылган “Аю Гранд Комфорт” соода борборунда 20-февралда «Бай-Түшүм» Банкынын дагы бир жаңы офиси ачылды

20.02.2016

«Бай Түшүм» Банкынын жаңы офиси- Бишкек шаарынын чыгыш тарабындагы Чолпон-Ата жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы ачылган эң ири “Аю Гранд Комфорт” курулуш материалдары соода борборунун («Тунгуч» кичирайону) биринчи кабатынан орун алды.  Бул соода борборуна келген адамдар жана ага жакын аймактардагы жашоочулар банктык тейлөөлөрдүн бардык кызматын: өздүк эсептерин жана аманаттарды ачуу, VISA жана Элкарт карталары боюнча тейлөөлөр, Кыргызстан жана жакынкы, алыскы чет өлкөлөргө акча которууларды жүргүзүү, бардык максаттар үчүн насыя алуулар, валюталарды алмаштыруу жана башка банктык тейлөөлөрдү пайдалана алышат.

Банктын жаңы офисинде кардарлар сапаттык жаңы деңгээлдеги банктык сервистерден пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышты. Кардарлар үчүн түзүлгөн заманбап жасалга жана жабдуулар,  кызмат көрсөтүүнүн  ыңгайлуулугу  тейлөөнүн жүрүшүнүн тез жана натыйжалуу болушуна эң сонун шарт түздү. Сиздер үчүн ачылган жаңы офистин иштөө тартиби: Дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин,  саат 9.00дөн 19.00гө чейин түшкү тыныгуусуз иштемекчи.