Банктын «Atalyk Group» менен түзүлгөн жаңы кызматташтыгы мол түшүмгө багытталган

14.08.2017

«Бай Түшүм» Банкы менен “Atalyk Group” Жабык Акционердик Коому өлкөбүздүн түштүк облустарында тамыры азык өсүмдүктөрдү жана жашылчаларды өстүрүшкөн фермерлердин каржылоо булактарына жетүүсүн кеңейтүү боюнча макулдашууга кол коюшту.    Бул, айыл чарба иштеринин бардык катышуучулары бирдей шарттарга ээ болушкан жана мындагы эң негизги катышуучу – фермер өткөргөн түшүмү үчүн туура баасын ала турган  нарк чынжырчасынын ийгиликтүү өнүгүшүнүн дагы бир реалдуу үлгүсү.

Кыргыз фермерлери көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат, мисалы, өстүрүлгөн түшүмдү сатып өткөрүүчү рынокко жана күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздигинен, товарды өндүрүүчүлөр менен тыгыз кызматташуунун жоктугунан улам финансылык ресурстарга  жетүүнүн  чектелүүсү. «Бай Түшүм» банкы менен “Atalyk Group” ЖАКтын кызматташуусунун алкагында сафлор өстүрүп жүрүшкөн фермерлер күрөөлүк камсыздоо боюнча жөнөкөй талаптар менен жеңилдетилген шарттарда керектүү суммадагы насыяны 1 эле күндө ала алышат. Завод фермерлер өткөргөн түшүмдүн наркын өз убагында берүүгө кепилдик берет, бул Банкка насыяларды кайтаруудагы тобокелдиктерди   минималдуу деңгээлге түшүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

«Кошумча нарк чынжырчасынын алкагында насыялоо – бул өз ара экономикалык туруктуу мамилелердин өнүгүшүнүн мүмкүнчүлүгү. Фермерлер өстүрүшкөн түшүмүн кепилденген түрдө сатып өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышса, ал эми компаниялар – өндүрүүчүлөр кайрадан иштеп чыгаруу үчүн белгиленген өлчөмдөгү сапаттуу азыкты алуу менен өндүрүштүн көлөмүн көбөйтө алышат. Каржылоону бөлүп-бөлүп алуу төлөнө турган пайыздык үстөктөрдү бир кыйла кыскартууга мүмкүнчүлүк түзөт,  муну биздин фермерлер жогору баалай тургандыктарын белгилей кетүү керек», — деп айтты «Бай Түшүм» Банкы ЖАКтын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

«Үрөн сатып алуу жана жыйналган түшүмдү өткөрүү боюнча “Atalyk Group” менен келишим түзүшкөн фермерлер «Бай Түшүм» Банкынан күрөөсүз негизде насыялык каражаттарды алууга мүмкүнчүлүк алышат. Май чыгаруучу өсүмдүктөрдү өстүрүү пайдалуу багыттардын бири болуп калмакчы жана Кыргызстанда талаачылык эмгектин кирешелүүлүгүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт» -деп белгиледи “Atalyk Group” ЖАКтын Башкы директору Туратбек Укубаев.

Бул өнөктөштүккө жетишүү “Atalyk Group” жана «Бай Түшүм» Банкына бизнестин кубаттуулугун өнүктүрүү максатында грант түрүндө колдоо көрсөткөн USAIDдин Агрогоризонт долбоору менен кызматташуунун аркасында мүмкүн болгондугун белгилеп коюу зарыл.

 Заводе жөнүндө:
“Аталык Өзгөн” май чыгаруучу заводу Ош облусундагы Өзгөн районунун  Бахмал айылында жайгашкан. Өсүмдүк майын өндүрүүнүн планы жылына 5 миң тоннадан ашуун болсо, бул жерде кайрадан иштетүүнүн өндүрүшү (сафлор, соя, рапс, күн карама) жылына 15 миң тоннаны түзөт.

 «Бай Түшүм» Банкы жөнүндө
«Бай Түшүм»  финансы рыногунда 16 жылдан ашуун мезгилден бери ийгиликтүү иштеп келе жатат. Бул мезгил аралыгында уюм финансылык фонддон жана депозиттерди тартуу боюнча лицензиясы бар микрофинансылык компаниядан толук банктык лицензиясы болгон универсалдуу Банкка чейинки өнүгүүнүн динамикалуу жолун ишенимдүү басып өттү. Бүгүнкү күндө уюм жалпы активдеринин өлчөмү 6,9 млрд. сомду түзгөн жана базасында 91 миңден ашуун кардарды бириктирип турган  Кыргыз Республикасындагы эң ири финансы институттарынын бири болуп эсептелет. «Бай Түшүм» Банкы кеңири филиалдык тармакка ээ болуу менен, бүткүл өлкөбүз боюнча финансылык тейлөөлөрдүн толук спектрин сунуш кылат жана Кыргыз Республикасынын калкын финансылык тейлөөгө кеңири тартууга зор салым кошуп келе жатат.