«Бай Түшүм» банкынан жаңы Акция: Акча которууларды жөнөтүүнү жана алууну жүргүзүңүз, Сизди кызыктуу байгелер күтүп турат.

03.06.2019

«Бай Түшүм» банкында 3-июндан баштап «Бактылуу которуу» кызыктуу Акциясы старт алды. Бул Акциянын аркасында сиздер туугандарыңызга жана жакындарыңызга акча которууну тез жана пайдалуу жөнөтүп же алып эле тим болбостон, «кызыктуу» байгелердин да ээси болуп калууга мүмкүнчүлүгүңүз бар.

     Эми «Бай Түшүм» банкында «Золотая Корона», «CONTACT», «Ria», и «Western Union» эл аралык акча которуулар тармактарын пайдалануу менен акча жөнөтүүнү же алууну жүргүзүү дагы да пайдалуу болуп калды. ­Өз туугандарына акча жөнөткөн жана жакындарынан акча алган ар бир жаран «Бактылуу которуу» акциясынын катышуучусу болуп калат. Акция үч этапта өткөрүлөт. Ар бир этаптын мөөнөтү эки айды түзөт. Алгачкы белектерди «Бай Түшүм» банкынын кардарлары 3-августан кийин эле ала алышат.

Белектердин арасында ар бир үйгө сөзсүз керектүү болгон — телевизор, эки камералуу муздаткыч, тоңдуруучу камера, Samsung А10 же XiaoMI смартфону, чаң соргуч, мультиварка, духовка шкаф, кофеварка, үтүк, блендер сыяктуу жана башка көптөгөн белектер бар. Экинчи этаптын жеңүүчүлөрү 5- октябрда, үчүнчү– жыйынтыктоочу этаптын жеңүүчүлөрү 7-декабрда аныкталат.  Ар бир этаптын жыйынтыгы боюнча          27 (!) жеңүүчүгө Банк тарабынан сыйлыктар тапшырылат.

Акциянын катышуучусу болуу үчүн кандайдыр бир атайын иштерди аткаруунун кажети жок. Жөн гана «Золотая Корона», «CONTACT», «РИА» жана «Western Union» тармактары боюнча акча которууларды же алууларды жүргүзүү керек. Жөнөтүлгөн жана/же алынган акча которуулардын эң көп көлөмүн жүргүзүшкөн катышуучулар акциянын жеңүүчүлөрүнөн болушат. Жалпы көлөмдү аныктоо үчүн чет элдик валюталарда жүргүзүлгөн которуулар которуу жүргүзүлгөн датагы карата Улуттук Банктын курсу боюнча сомго конвертацияланат.

Байгелик орундар акча которуулардын эң көп көлөмү боюнча, «Бай Түшүм» банкынын филиалдарынын ар бир биринчи жана экинчи топторунун ичинде  үчтөн (3) жеңүүчү эсеби боюнча аныкталат.

Филиалдардын биринчи тобуна Башкы кеңсе, Бишкек шаарындагы сактык кассалар менен бирге Бишкек филиалы, Ош, Жалал-Абад жана Баткен филиалдары кирет.

Филиалдардын экинчи  тобуна Токмок, Сокулук, Кемин, Кара-Балта, Кант, Беловодскидеги  сактык кассалары менен бирге Бишкек филиалы,  Каракол, Нарын жана Талас филиалдары кирет.

Сизде суроолор пайда болсо, анда «Бай Түшүм» банкынын сутка боюу иштөөчү байланыш телефонуна чалсаңыз болот: +996 (312) 905 805, +996 (770) 905 805,  же жазып жиберсеңиз да болот: WhatsApp: +996(777)905 805. https://www.baitushum.kg/ru/news/novaya-aktsiya-ot-baj-tushuma-otpravlyaj-i-poluchaj-perevody-i-vas-zhdut-krutye-prizy/

#baitushum_переводы #bankbaitushum_акция #bankbaitushum