«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы жаңы аманаттарды ачууну ишке киргизди

17.01.2013

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы жеке жактар үчүн жаңы аманаттарды ачууну ишке киргизди:

• Балдар үчүн «Чоңойуп өс» аманаты;

• Толуктоо жана анын кайсы бир бөлүгүн алуу мүмкүндүгү менен «Эксклюзив» аманаты;

• Пайыздарды капитализациялоо менен «Сиздин капитал» аманаты

«Чоңойуп өс» аманатын ачуу менен ата-энелер, туугандары же жөнөкөй эле жакшы тааныштары, баланын келечеги жөнүндө азыртан кам көрүүгө же кандайдыр бир датага карата акча чогултуп топтоо менен ага белек тартуулоого же ал жашы жеткен мезгилде аны материалдык жактан камсыз кылууга азыртан кам көрүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

«Эксклюзив» аманаты – келечекте ири сатып алуулар үчүн акча сактоо жана топтоонун ыңгайлуу жолу. Аманаттын ийкемдүү шарттарында, пайыздар түрүндө алына турган кирешени жоготуусуз, акча каражаттардын кандайдыр бир бөлүгүн алууга боло турган мүмкүнчүлүк каралган.

«Сиздин капитал» аманаты, эсептелген пайыздарды ай сайын капитализациялоо менен башка аманаттардан пайдалуу айырмаланып турат, бул максималдуу киреше алууга мүмкүндүк берет. Аманат боюнча пайыздар ай сайын эсептелет жана алар аманаттын негизги суммасына кошулат, натыйжада, жыйынтык кирешени көбөйтөт.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» банкынын жаңы жана күндөлүк аманаттары жөнүндө толугураак маалыматты Сиз “Депозиттик продукттар” бөлүгүнөн көрө аласыз.

Ошондой эле аманаттар боюнча кошумча маалымат алуу үчүн Сиз +996 (312) 905 795 телефону боюнча кайрылсаңыз болот.