Нарын филиалындагы биздин кесиптештерибиз банктар аралык мини-футбол боюнча турнирде алгачкы ирет I орунга ээ болушту

23.04.2018

Кыргыз сомунун 25 жылдык маарекесинин урматына жана банк кызматкерлеринин келе жаткан Күнүнө карата КРнын Улуттук Банкынын Нарын Башкармалыгы мини-футбол боюнча кезексиз турнир уюштурушкан

Биздин банктын Нарын филиалынын командасы ал турнирге жан дили менен катышып, жеңүүчү болушту! ?

  • «Бай-түшүмчүлөр» башталышынан бери эле аутсайдерлер болуп эсептелген топто экендигин эске алсак, анда бул жеңиш өзгөчө жагымдуу.

    * Биринчи оюнда биздин жигиттер турнирдин фаворити болуп эсептелген «Дос-Кредобанктын» курама командасынан 2:3 эсебинде жеңилип калышкан.

    * Экинчи оюнда учурдун чемпиондору болушкан «Бакай Банктын» командасын 5:3 эсебинде утуп алышты.

    * А эми үчүнчү матч күтүлбөгөн натыйжаны берди: «Бай-Тушум» командасы КИКБ командасын 3:0 эсебинде жеңип алды.

    * Жарым финалда биздин Нарындык филиалыбыз «Кыргызстан» банкынын командасы менен беттешти. Оюн өтө кызуу болуп, финалга жолдомону пенальти боюнча жеңип алууга туура келди. Натыйжада биздин команда 3:2 эсебинде финалга чыкты.

    * Финалда биздин команданы турнирдин дагы бир фаворити – «Мөл Булак Финанс» командасы күтүп турган. Биздин футболчуларыбыз тырышкан күрөшү жана бири-бирин бекем колдогондуктарынын натыйжасында гана – 5:3 эсебинде   биринчиликти жеңип алышты.  ?

Биз турнирдин эң мыкты оюнчусу Калыс Анварбековду өзгөчө белгилеп кеткибиз келет.

Мына ушинтип, «Бай Түшүмдүн» Нарындагы филиалы банктар аралык облустук турнирде биринчи жолу чемпион болду. Бул футболдук жеңиштердин башталышы гана деп ишенебиз! ⚽