Биздин кесиптешибиз Канат Умаралиев шахмат боюнча жыл сайын өтүүчү NOORUZ CUP – 2018 III турниринде 1-орунду ээледи

28.03.2018

«Бай Түшүм» банкынын маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, биздин кесиптешибиз Канат Умаралиев, шахмат боюнча жыл сайын өтүүчү NOORUZ CUP – 2018 III турниринде 1-орунду ээледи жана турнирдин кубогуна ээ болду.   Жеңүүчүгө Кубокту жана Грамотаны шахмат боюнча дүйнөнүн 12 жолку чемпиону Анатолий Карпов тапшырды.

Шахмат турнири Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган жана жекече эсептөөдө ФИДЕнин арбитрлери тартылган  швейцариялык түзүм боюнча өткөрүлдү. Мелдештерге Кыргызстандын ишкерлеринин, бизнес-ассоциациялардын, министрликтеринин жана мекемелеринин, чет элдик мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турушкан 60ка жакын шахматчы-ышкыбоздор катышышты.

Канат Умаралиев 7 партия өткөрүп, 6 жеңишке ээ болду жана бир партияны тең чыгуу менен аяктады. Куттуктайбыз, сыймыктанабыз, баалайбыз!