1-сентябрынан баштап, агенттерге тиешелүү болгон «Мобильник» терминалдарында эсептерди толуктоо жана насыяларды төлөө боюнча тейлөөлөрдүн тарификациясында өзгөртүүлөр күчүнө кирди

11.09.2018

Урматтуу кардарлар!

Ушул маалымат аркылуу, 2018-жылдын 1-сентябрынан баштап,  агенттерге тиешелүү болгон «Мобильник» терминалдарында эсептерди толуктоо жана насыяларды төлөө боюнча тейлөөлөрдүн тарификациясында өзгөртүүлөр күчүнө кире тургандыгын билдиребиз.  2018-жылдын 1-сентябрынан баштап, ушул тейлөөлөр үчүн толуктоо суммасынан 1.75%  комиссия кармалат.

 «Бай Түшүм» банкынын терминалдарында,  ошондой эле банктын кеңселеринде  жайгашкан «Мобильник» терминалдарында эсептерди толтуруу жана насыяларды төлөө мурдагыдай эле акысыз жүргүзүлө тургандыгына Сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз. 

 Сиздер эсептерди толтурууда жана төлөөлөрдү жүргүзүүдө башка да ыкмаларды колдоно аласыздар:   

  • Мобильник Электрондук капчыгы – комиссия 1%;
  • BalansKG Электрондук капчыгы –  комиссия 0,9%;
  • BalansKG төлөм терминалдары – комиссия 0,9%;
  • Умай жана агенттер төлөм терминалдары – комиссия 0,9%;
  • Квик Пей төлөм терминалдары – комиссия 1%;

 

Кошумча суроолор пайда болгон учурда банктын байланыш борборуна кайрылыңыздар:

(0 312 ) 905-805,    WhatsApp     (0 777 ) 905-805