Насыя каражаты үй-бүлөлүк жашоону жакшырта алабы? Биздин көп жылдык тажрыйбабыз жакшырта алаарын көрсөттү.

21.09.2018

Мунун бир мисалы болуп, Бутабаева Замира Ахмедовнанын үй-бүлөсү эсептелет.

Замира Ахмедовна мал чарбачылыгы жана жашылча өстүрүү менен алектенет. «Бай Түшүм» банкындагы КИВА (➡http://bit.ly/2QGXSwA) багыты боюнча насыяны өзүнүн фермердик чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 жыл илгери каттоодон өткөрүп алган.

«Алган насыям малдын башын көбөйтүүгө өбөлгө түздү. Өткөн жылы малды сатуудан түшкөн акчага эки бөлмөлүү там куруп алдык. Азыр биздин бир жылкыбыз жана 13 баш мүйүздүү малыбыз бар. Банктын КИВА багыты боюнча шарты абдан пайдалуу. Жакынкы жылдарда малдын башын көбөйтүүнү мерчемдеп жатабыз жана Университетке окууга даярданып жүргөн  уулум Сулайманга жакшы билим алышы үчүн кам көрүүдөбүз», – деп айтты Замира Ахмедовна.

Биз Замира Ахмедовнанын тилеги орундала тургандыгына ишенебиз!