Насыя каражаты үй-бүлөлүк жашоону жакшырта алабы? Биздин көп жылдык тажрыйбабыз жакшырта алаарын көрсөттү.

03.10.2018

Насыя каражаты үй-бүлөлүк жашоону жакшырта алабы? Биздин көп жылдык тажрыйбабыз жакшырта алаарын көрсөттү.

«Бай Түшүм» банкынын кардары Казакова Назгүл Уркалиевна  айткандай: «Айылда айлык маянаны карап жашасаң кыйналып каласың. Ошондуктан  малдын башын көбөйтүүнү чечкенбиз. КИВА багыты боюнча биринчи жолу акча каражатын алганда, биз букаларды, уйларды жана кыш мезгилинде малды семиртүү үчүн жем менен чөптү сатып алганбыз. Бул иш бизге жакшы натыйжаларды берди. Малды саткандан түшкөн акчага биз  кызыбыздын окуу жайдагы окуусуна төлөп жана үйдү капиталдык ремонттон өткөрүп алдык.

«Бай Түшүм» банкы керектүү учурда финансы багытында  дайыма колдоосун көрсөтүп, акча каражатын берүүдө ыкчамдыгы жана өзүнүн бонустары менен кардарларын кубантып келе жатат. Ошонун аркасында биз да жашоо жана тиричилик шартыбызды жакшыртып алдык»,- деп  айтты Назгуль Уркалиевна.

«Бай Түшүм» банкы Назгуль Уркалиевнанын ийгиликтери үчүн кубанат жана ага дагы да өнүгүүлөрдү каалайт.