«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык Банкы Startup Weekend Bishkek иш-чарасынын расмий өнөктөшү болду

31.10.2012

Калктын жумуш менен өз алдынча камсыз болуусун жана жумушчу орундарды жаратуунун социалдык миссиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаранын алкагында, ошондой эле КИВА Фондусунун колдоосу менен жеңилдик берген насыяларды берүү аркылуу Кыргызстанда жаңыча иштеген жаш ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык Банкы Startup Weekend Bishkek иш-чарасынын расмий өнөктөшү болду, ал 9-11 ноябрда өтөт.

Кыргызстанда бул иш-чара биринчи жолу өткөрүлүүдө. Иш-чаранын максаты – жаңы баштаган ишкерлердин бизнес-идеяларын ишке ашыруу жана өнүктүрүү үчүн аларга көмөк көрсөтүү. Startup Weekend Bishkek иш-чарасынын катышуучулары үч күн ичинде өздөрүнүн идеялары менен бөлүшө алышат, үзүрлүү бизнес планды иштеп чыга алышат, бир максаты көздөгөн адамдардан турган команданы түзүп, ишке киришүүнү баштай алышат.

2012-жылдын Bishkek Startup Weekend иш-чарасынын 15 эң мыкты бизнес долбоорлорунун авторлору инвесторлор алдында өздөрүнүн бизнес планынын бет ачарын жасоого мүмкүндүк алышат. Эң мыкты идеялар акчалак сыйлык менен өздөрүнүн долбоорлорун андан ары өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк алышат.

Иш-чаранын уюштуруучусу болуп “Эркин Базардын Борбордук Азия Институту” Коомдук Фонду эсептелет. Startup Weekend – бул бизнес идея менен бизнес пландардын авторлоруна туура багытта өнүгүүгө жана өздөрүнүн долбоорлорун ийгиликтүү иштеттүү үчүн баалуу тажрыйба алууга жардам берген эл аралык кыймыл. 2008-жылдан тартып Startup Weekend дүйнө өлкөлөрүнүн 200дөн ашык шаарларында өткөрүлүп келет.

Сиз, толук маалыматты ушул даректен таба аласыз: http://bishkek.startupweekend.org/