КИВА Фондунун Азия/Европа секторунун аймактык директору М. Луфттун Компанияга келүүсү

30.05.2012

КИВА Фондунун Азия/Европа секторунун  аймактык директору М. Луфт Компанияда 18-майдан 23-майга чейин болду. Келүү зыяратынын максаты – Кыргызстанда КИВА өнүм тилкелерин өнүктүрүү программасынын келечектеги менен потенциалын изилдөө.М. Луфт өзүнүн бизге келген зыяратында төмөнкүлөрдү белгиледи: “Социалдык-багыттык финансылоону ишке ашырууда “Бай-Түшүм жана Партнерлор” компаниясынын жасаган ишмердүүлүгү абдан маанилүү экенин жана Кыргызстанда жакырчылыктын масштабын кыскартууга Компания чоң салым кошуп жатканын  белгилегим келет. Мен, Компаниянын Баткен, Ош жана Бишкек шаарларында болуп, маалыматтарды биринчи колдон – кардарлар менен жолугушуу учурунда алып,  аткарылып жаткан иштердин күбөсү болдум.  Мен, Компаниянын кызматкерлерин КИВА долбоорунун келечекте өнүгүүсүн талкуулоого жана жолугушууга катышкандары үчүн ыраазычылык билдиргим келет жана “Бай-Түшүм жана Партнерлор” компаниясы менен кызматташууну улантуу бул  КИВА Фонду үчүн сыймык экенин белгилегим келет”.

Өздөрүнүн бизнес-практикаларына байыр алдыруу аркылуу социалдык-багыттык миссияны ишке ашырууда жасаган иштери үчүн жана кардарлардын муктаждыктарын канааттандырган  кызматтары, алардын бизнесин өнүктүрүү менен жашоо деңгээлин көтөргөндүгү үчүн “Бай-Түшүм жана Партнерлор”  Компаниясы Социалдык жоопкерчилик тармагында (Social Performance Strengths) бешинчи артыкчылык белгиси болгон Client Voice — «Кардар үнү» сыйлыгына татыктуу деген жаңы артыкчылык белгисин май айынын башында КИВА Фонду тарабынан алуу, Компания үчүн дары бир маанилүү окуялардан болду.