«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата бүтүндөй респбулика боюнча кайрымдуулук акцияларын өткөрдү

05.06.2013

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы үчүн балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата керектүү товарларды сатып алуу же майрамдык иш чараларды уюштурууну каржылоого катышуу, ошондой эле башка жардам көрсөтүү аркылуу  балдар үйлөрүнө, социалдык-алсыз балдарга, алардын ичинде социалдык жактан жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына, мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга, мектеп-интернаттарга жана башка социалдык мекемелерге кайрымдуулук жардам көрсөтүү традиция болуп калды.

«Биздин турмуштагы өтө жаркын жана эң сонун элестер биздин балдар менен байланыштуу  – деп белгиледи Гульнара Шамшиева, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФ Банкынын Башкы менеджери. Ошондуктан, улуулар, биз үчүн башкы маселе – бул ар бир баланын укугун коргоо, балдарга камкордук көрүү жана жакшы көңүл буруп мамиле жасоо, аларга кубаныч жана жаркын маанай тартуулоодон турат. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» 12 жылдан бери балдар мекемелерине колдоо көрсөтүп келе жатат. Акыркы 4 жылдын ичинде эле Банк бүтүндөй Кыргызстан боюнча балдарга жана балдар мекемелерине 2 млн. сомдон ашык суммага  кайрымдуулук жана демөөрчүлүк  жардам көрсөттү.

Быйылкы жылы Банктын кайрымдуулук акциясы тарабынан 1500 бала камтылды, алар таттуулар, азык пакеттери, оюнчуктар жана канцелярдык товарлар менен белектерди дареги боюнча жеткирүү түрүндө жардам алышты. Майрамга карата,  Банктын коллективинин алар менен көп жылдардан берки достук байланышуулары,  бир нече социалдык балдар мекемелеринин бир катар маселелерин чечүүгө жардам берди. Балдар үйлөрү үчүн турмуш-тиричилик техникалары сатылып алынды, майрамдык иш чаралар жана  сыйлыктарды берүү менен конкурстар уюштурулду.

Алардын ичинде:

•    Шефке алынган «Келечек» Реабилитациялык борбору, Ысык-Ата району, Чүй областы.

•    Республикалык адистештирилген балдар үйү, Токмок ш.

•    Жетим балдар жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн Балдар үйү,  Чолпон а., Кочкор району.

•    Дүлөй жана сокур балдар үчүн мектеп-интернаты, Кашгар-Кыштак а., Ош областы.

•    Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык интернат-үйү, Жалал-Абад ш.

•    Кургак учук менен күрөшүү боюнча Борбору, Баткен ш., Баткен областы.

•    социалдык жактан жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн «Мээрим булагы» балдар үйү, Түп району, Ысык-Көл областы.

•    Мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн Покровка реабилитациялык үйү,  Талас областы.

•    Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн Реабилитациялык Борбору, Бишкек ш.

 «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы Банкы ЖАКы жөнүндө

«Бай-Тушум жана Партнерлор» ACDI/VOCA өнүктүрүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды.  12 жылдан бери иштеген уюм, 112 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады  тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.