Каракол филиалы Конституция Күнүнө арналган Каракол шаарындагы ири спорттук иш-чаранын негизги демилгечиси жана уюштуруучусу болду

08.05.2018

Каракол шаары дагы Конституция Күнүн ири спорттук иш-чара менен белгиледи.  5-майда 3 чакырым аралыкка чуркоо жана 7 чакырым аралыкка чоң веложүрүш болуп өттү. Шаардын мериясы жана банктардын жергиликтүү бөлүмдөрү анын уюштуруучуларынан, ал эми биздин Караколдогу филиалыбыз эң активдүү демилгечилердин бири болду.

Иш-чарага катышууга «Бай Түшүмдүн»  Каракол филиалындагы биздин бардык кесиптештерибиз келишти. Чуркоо 150 катышуучуну, ал эми веложүрүш 175 катышуучуну чогулта алды.  Спорттук иш-чарага Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев, Улуттук Банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын директору Марс Алиев, коммерциялык банктардын жана финансы-коммерциялык мекемелердин жетекчилери катышышты.

«Биздин кызматкерлер активдүү жашоо образын карманышат жана мындай иш-чараларга жан-дилдери менен катышышат. Чуркоого катышкандардын эң эле улуусу, 60 жаштагы биздин кесиптешибиз Бекбосун Джуманалиевди өзгөчө белгилеп айткым келет. Ал 3 чакырым аралыкка созулган чуркоого жаштар менен бирге чыгып, финишке чейин чуркап келди. Биздин банктын көптөгөн кызматкерлери үчүн бул үй-бүлөлүк майрам болду.  Алар бул жерге балдары менен келишти. Балдар  да чуркоого жана веложүрүшкө жан-дилдери менен катышышты», –  деп өзү алган таасирлери менен бөлүштү биздин Караколдогу  филиалыбыздын менеджери Нурбек Сапарбаев.

Чуркоо боюнча жеңүүчүгө жаңы велосипед тартууланды. Башка да байгелүү орундарга ээ болушкан катышуучулар эстелик белектер, алардын катарында коллекциялык монеталар жана купюрлар менен сыйланышты.  Дагы бир велосипед жана жагымдуу сюрприздер көрүүчүлөр арасында ойнотулду.