Каражат сактоону кантип баштоо керек? Үй-бүлөлүк бюджетти пландаштыруу, же акчаны үнөмдөөнүн таасирдүү 10 ыкмасы

12.07.2017

 

Ар бирибиз акчанын жетишсиздик көйгөйүнө тушуккан учурубуз болот. «Айлык тийгенче» деп досторубуздан, туугандарыбыздан же кесиптештерибизден карыз алган учурларыбыз бар. Айлык алганда карыздарыбызды берип, бирок өзүбүз кайра эле «жайдак» калабыз. Мына ушул айлампадан чыгуунун жолу барбы? Албетте, бар!  Жөн гана акчаны топтой билүүнү үйрөнүү керек, ошондо гана карыз алуулар артта калат, үйдө жап-жаңы плазмалык телевизор, смартфон пайда болот жана бонус катары саякатка чыгууну да пландаштырсаңыз болот. Эгерде азырынча карыздардан кутула албай жатсаңыз, анда кантип акча топтоого болот?

Мынакей, чындыгында эле иштей турган 10 ыкма:

  1. Эң алгач дептер же Excel боюнча файл ачыңыз.
  2. Анда баарын белгилеңиз: алган айлык маянаңызды, сыйлыктарыңызды ж.б. бардык кирешелерди.
  3. Бардык чыгымдарды күн сайын белгилеңиз: коммуналдык тейлөөлөр, интернет үчүн төлөмдөр, тамак-аш азыктарын, кийим-кечени сатып алуулар, транспорттук, дары-дармек, окуу үчүн ж.б. чыгымдар. Кыскасы акчаны эмнеге сарптасыңыз ошонун баарын белгилеңиз.
  4. Базарга же дүкөнгө бараардын алдында керектүү нерселердин тизмесин түзүп алыңыз.
  5. Тамак-аш азыктарын зарылдыктан ашыкча албаңыз.
  6. Дүкөнгө барган сайын эле балдарыңыздын каалаган нерселерин алып бере бербеңиз.
  7. Айдын аягында канча акчаны жөн эле импульсивдүү сатып алуулар, балдардын каалоосу, керексиз нерселер  үчүн чыгымдаганыңызды жана канча акчаны үнөмдөп калууга боло тургандыгын талдап көрүңүз.
  8. Кайсы чыгымдардан баш тартууга боло тургандыгын сөзсүз талдап көрүңүз.
  9. Кийинки айда, айлык маяна алаар замат, өткөн айда үнөмдөп калууга боло турган сумманы депозитке салып коюңуз. Бул сумма үй-бүлөлүк кирешенин 20 %нан кем болбоого тийиш экендигин эсиңизге сактаңыз.

Акчаны үйгө эле коюп коюуга эмне  үчүн болбосун деп сурабайсызбы? Үйдөгү акчаны чыгымдап жиберүүгө азгырыктар көп болгондугу үчүн.  А эми депозиттеги акчаны, өтө зарыл керектүү болбосо, Сиз чыгарып алышыңыз күмөн, себеби банк менен түзүлгөн келишимди мөөнөтүнөн эрте бузуу пайыздардын жоюлушуна алып келет. Анын үстүнө, үстөк пайыздар кошулгандыгына байланыштуу,  сактоолукту банкта сактаган алда канча пайдалуу,  😊

  1. Акча топтоодогу эң башкы рецепт – тартип. Эгерде  өзүңүздүн финансылык максатыңызды ишке ашырууну кааласаңыз, анда күн сайын эсеп жүргүзүңүз, үнөмдөңүз жана депозитте акча топтоңуз.

Чымырканыңыз жана бир аз убакыт керек – Сиздин финансылык пландарыңыз сөзсүз аткарылат!

Эгерде депозит ачуу үчүн Сиз «Бай Түшүм» Банкын тандап алсаңыз, анда биздин офистерибиздин биринен Сизди көрүүгө куштарбыз. Депозит боюнча шарттар жана колдонулуп жаткан пайыздык чендери тууралуу кеңири маалыматты мына бул жерден алууга болот: https://www.baitushum.kg/ru/retail-banking/deposit-products.

 

Рисунок1