Балалыкка камкордук – баарыбыздын милдетибиз

06.06.2013

Бар бол, Кыргызстаным!

Балдар Күнү Францияда 1949-жылы негизделген. Бул жакшы саамалыкты кийинки, 1950-жылы баардык мамлекеттер колдоого алышкан жана ал ошол жылдан баштап эле Бүткүл дүйнөлүк Балдар Күнү катары жай мезгилинин алгачкы күнү – 1 июнда белгиленип келе жатат.

Балалыктын абалы биздин өлкөдө, бүгүнкү күнү, жымсалдап айтканда, жакшы эмес. Миңдеген балдарыбыз бакчага,мектепке барышпайт, балдар ойной турган жакшынакай аянтчалар дегеле жокко эсе. Селкинчек орнотулган, топ ойной турган жашыл аянтчаларды табуу оңой эмес, а тамеки, арак-шарап жана тарбияга туура келбеген кинотасмаларын сатып жатышкан күркөлөр кадам сайын жолугат. Кафе менен ресторандарга бутубуз чалына турган абалдабыз… Жакынкы күндөрдүн биринде бул көрүнүштөн тажаган жарандар дагы митингге чыга тургандай эле болуп туру.

Ошентсе да балалыктын маңдайынан сылаган, ага аталык камкордугун, энелик мээримин төккөн чакан жамаат бар, ал – “Бай Түшүм жана Партнерлор” Банкы. Эгерде ар бир уюм, ар бир жамаат балалыкка ушундай көңүл бөлсө, анда балалыктын асманы жаркырап тураарында шек жок.

Балдардан аянбайлы

“Бай Түшүм жана Партнерлор” 12 жылдан бери калктын жакыр жана жардамга муктаж болгон бөлүгүнө кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келе жатат. Банк үчүн кайрымдуулук иш — жарандык жана социалдык жоопкерчиликтин негизги бөлүгү катары эсептелет. Кайрымдуулук ишинин алкагында Банк мамлекет жана башка уюмдар тарабынан өтө аз колдоого алынган, материалдык муктаждыкка зар болгон топторду каржылык колдоого алууну өзүнүн башкы максаты катары эсептейт.

Балдар үйлөрүнө, социалдык жактан аялуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, мектеп-интернаттарына ж.б. социалдык мекемелерге керектүү буюм-тайымдарды алып берүү, майрамдык иш-чараларды уюштуруу сыяктуу иштерди каржылоо Банк үчүн салтка айланып калган. Бул мекемелердин катарында:

  • Чүй областынын Ысык-Ата районундагы “Келечек” реабилитациялык борбору,
  •  Томок шаарындагы балдардын адистештирилген республикалык үйү,
  •  Кочкор районунун Чолпон айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдар үйү,
  •  Угуусу жана көрүүсү начар балдардын Ош областынын Кашгар-Кыштак айылындагы мектеп-интернаты,
  •  Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык үй-интернаты,
  •  Баткен областындагы кургак учукка каршы күрөшүү борбору,
  •  Ысык-Көл областындагы асоциалдык үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн “Мээрим булагы” балдар үйү,
  •  Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Талас областындагы Покровка реабилитациялык үйү,
  •  Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Бишкек шаарындагы ребилитациялык борбору бар.

Өлкөбүздө быйылкы балдар майрамын өткөрүү үчүн Банк көптөн бери атайын даярдыктарды көрүп жүргөн. Анын натыйжасы ата-энелерди, өзгөчө бөбөктөрдү кубанычка бөлөдү. Өлкөбүздүн жети дубанында тең кайрымдуулук акциялары өткөрүлүп, ага 1500дөн ашуун балдар камтылды. Аларга канцелярдык товарлар, оюнчуктар, ар кандай азык-түлүк салынган баштыктар өз колдоруна жеткирилип берилди. Балдар үйлөрү үчүн тиричилик техникасы берилип, ар кандай майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Акыркы 4 жылдан бери Банк жалпы Кыргызстандагы балдар жана балдар үйлөрү үчүн 2 млн. сомдон ашуун кайрымдуулук жана демөөрчүлүк жардамын көрсөткөн. Эгерде өлкөбүздүн жашоо деңгээли канчалык жогору болсо, анда балдардын бактылуулугу ошончолук деңгээлде болоору анык. Банк жалпы элдин күндөлүк турмушун жакшыртуу максатында төмөндөгүдөй колдоолорду көрсөтүп келүүдө.

Социалдык долбоорлор

Кум–Дөбө айылынын сугат тармактары оңдоодон өткөрүлдү

 25-апрелде Нарын областынын Кум–Дөбө айылында, Кочкор районунун акиминин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, айыл-чарба департаментинин кызматкерлериинин жана жергиликтүү жашоочулардын катышуусу менен «Кочкор-Ата» жаңыланган насостук станциясын ишке киргизүү боюнча иш-чара болуп өттү.

Суунун көлөмүнүн жетишсиздигинен Кум–Дөбө айылынын жашоочулары жыл сайын жердин 124 гектар аянтын гана пайдаланып келишкен жана түшүмдүн көпчүлүк бөлүгүн, болжол менен 200 тонна буудай жана арпа жана 600 тонна картошка жоготуп келишкен. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы аны сатып алууга жана орнотуу үчүн 900 миң сом бөлүп берген, кошумча насостук станция, ошондой эле жаңы лоткалар, 227 гектарга жакын айдоо жерин толук көлөмдө иштетүүгө, жоготуусуз жакшы түшүм алууга жана айылдын 6000ден ашык жашоочуларынын каржылык жактан абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

– Кум–Дөбө айылында ушул долбоордун иш жүзүнө ашырылышы, ушул айылда жашаган үй-бүлөлөрдүн кирешелерин жогорулатууга жана алардын жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатууга алып келет деп ишенебиз, – деп белгиледи «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева насостук станцияны ишке берүү учурунда.

Кум–Дөбө айылынын сугат тармактарын оңдоо, бул «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы тарабынан, айылда суу менен камсыздоо тармагын жакшыртуу жана ишке киргизүү боюнча социалдык долбоорлорду иш жүзүнө ашыруунун ийгиликтүү мисалдарынын бири. Бүгүнкү күндө Банк жалпы суммасы 3,5 миллиондон ашык сомго Талас, Чүй, Жалал-Абад жана Ош областтарында 6 социалдык долбоорду каржылады жана аларды ийгиликтүү бүткөрдү.

Кызыл-Кошчу айылына таза суу келди

2013-жылдын 4-апрелинде Ош областынын Кара-Суу районунун Кызыл-Кошчу айылында курулган жаңы суу өткөрүүчү түтүктөр боюнча суу жүгүрүп, жергиликтүү калк таза сууга жетип, кубанып калышты.

Азыркы учурда Кызыл-Кошчу айылында 580 үй-бүлө же 2 500 адам жашайт. Айылдын суу өткөрүүчү түтүктөрү 1970-жылы курулган жана 40 жылдан бери иштеп келе жаткан суу жүгүргөн түтүктөр толук бойдон иштен чыгып, жараксыз абалга келип калган болчу. Көп жылдардан бери бул айылдын калкы коңшу айылдарга барып суу алууга, ал эми жазында жана күзүндө чарбалык керектөөлөргө жана тамак-аш даярдоо үчүн айылдыктардын саламаттыгына коркунуч жараткан арыктын суусун колдонууга муктаж болуп келген. Айылдын суу өткөрүүчү түтүктөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү жана айылдын жашоочуларын суу менен камсыз кылуу үчүн «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы 1 281 554 (бир миллион эки жүз сексен бир миң беш жүз элүү төрт) сом бөлүп берген.

Бүгүнкү күндө айыл жашоочуларын суу менен камсыз кылуу, республикалык деңгээлде эң башкы көйгөйлөрдүн бири болуп калууда. 2013-жылы ирригациялык системасын оңдоо жана иче турган таза сууга жетүү боюнча Банк жаңы долбоорлорду пландаштырууда. Ушул сыяктуу ар бир долбоорду ийгиликтүү иш жүзүнө ашыруунун стратегиялык чоң мааниси бар, анткени таза суу боюнча долбоорлорду инвестициялоо менен Банк, аймактардагы элдин саламаттыгына, бакубатчылыгына жана турмушунун сапатын жогорулатууну инвестициялап жатат.

Кызыл-Кошчу айылынын жашоочуларынын иче турган таза сууга жетишишине кошулуп, ушул айылдын социалдык объектилери: мектеп, бала-бакча жана фельдшер-акушердик пунктунда да сууга болгон муктаждык жоюлгандыгы кубанычтуу болду.

Азыркы учурда объект боюнча баардык иштер бүткөрүлдү, жаңы суу өткөрүүчү түтүктөр Ош областынын Кара-Суу районунун «Жоош» айыл башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.

Кызыл-Булак айылындагы сугат тармагы кайрадан курулду

Баткен областынын Кызыл-Булак айылында үстүбүздөгү жылдын 23-майында айылдын аксакалдары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмунун жана Банктын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кайрадан оңдолгон сугат тармактары ишке берилди.

Айылда жашылча жана жемиш өстүрүү менен алектенишкен 780 үй-чарбалары бар. Бирок, суу келүүчү арыктардын бузулуп, жараксыз абалга келгендигине байланыштуу 140 гектар гана жерди сугарууга жетишп калышчу. Калган аянттарга суу жетпегендиктен жыл сайын 100 тоннадан ашуун жашылча-жемиштердин түшүмүн жоготуп келишкен.

“Бай Түшүм жана Партнерлор” Банкы кайрадан оңдоого 560 000 сом каражат жумшаган жаңы сугат каналы 185 гектар айдоо жерлерин толук сугарууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Учурда канал боюнча суу агып жатат, демек айылдын калкы быйыл түшүм коромжуга учурабай, толук жыйналат деп турушкан учуру. Түшүм көбөйсө, демек, айылдын 4000ден ашуун калкынын да каржылык абалы оңолоору анык.

Банк бүгүнкү күнгө карата Талас, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Ош жана Чүй областарын камтыган жети социалдык долбоорлорду толук каржылады. Бул долбоорлор үчүн жалпы 4,1 млн. сом бөлүп берди. Банк мындан ары да экономикалык кубаттулукту жана социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, аймактарды таза суу менен камсыз кылууга багытталган долбоорлорду каржылоону улантат.

Гүлсүн Кенжегозуева,”Кыргыз Туусу”,

7 – Июнь, 2013 ж.