«Бай Түшүм» Банкы 5-бүткүл дүйнөлүк «Global Money Week – 2016» кампаниясынын уюштуруучусу жана активдүү катышуучусу

01.03.2016

«Бай-Түшүм» Банкы Кыргызстанда 2016-жылдын 14-мартынан 20-мартына чейин болуп өтө турган бешинчи «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы» кампаниясынын активдүү катышуучусу жана уюштуруучусу болууда.

Бул жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы, «Бай Түшүм» Банкы, Өнүгүү саясаты институту, Кыргызстан Банктарынын Биримдиги, Билим берүү демилгелерин колдоо Фондусу, Бишкек финансы-экономикалык Академиясы, Эл аралык кызматташуу боюнча Германиялык коомчулугу (GIZ), Эл аралык  IFC финансы компаниясы жана башка финансы уюмдары ушул кампаниянын уюштуруучуларынан болушууда.

Эл аралык  «Global Money Week – 2016» кампаниясы өспүрүм балдарды жана жаштарды акча багытындагы билим алууга шыктандыра турган, акча топтоонун, бизнес ачуунун жана ишке орношуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жана ошондой эле келечекте жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл ала билүү үчүн финансылык жактан сабаттуу болуунун зарылдыгына коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган ар кандай иш-чараларды камтыйт.

Эл аралык  «Global Money Week – 2016» кампаниясы Кыргызстанда быйыл үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат, өткөн жылы бул кампанияга 180ден ашуун өлкөлөр катышкан болчу. «Бай Түшүм» Банкы бул кампаниянын алкагында банктын бүткүл республикабыз боюнча жайгашкан офистеринде топтоолук Күндөрүн өткөрүүнү пландаштырууда. Банкка келген ар бир адам: финансылык пландаштыруу, үй-бүлөлүк бюджетти жүргүзүү, акча топтоо жана жагымдуу белектер темасында ар кандай кеп-кеңештерди уга алышат. Ал эми банкка келишкен эң кичинекейлер үчүн 9-марттан баштап, 18-мартка чейин «Менин кыялым үчүн топтоолук» деген аталыштагы балдардын сүрөт конкурсу өткөрүлмөкчү. Мындан тышкары Банктын адистери мектептерде финансылык максаттарды ишке ашыруу үчүн топтоолук темасы боюнча бир катар тренингдерди да өткөрүшөт.

«Бай Түшүм» Банкы мындан тышкары 2016-жылдын 16-февралынан 16-мартына чейин өткөрүлө турган видеороликтердин республикалык «Катышуучу бол! Акылдуулук менен акча топто» конкурсунун демөөрчүсү болууда. Конкурстун башкы максаты–өспүрүмдөрдүн жана жаштардын көңүлүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун, акчаны сабаттуулук менен башкара билүүнүн, алдыга максат койо билүүнүн жана  реалдуу финансылык пландарды иштеп чыгуунун  маанилүүлүгүнө буруу болуп эсептелет.

 Видеороликтер конкурсунун шарттары:

«Катышуучу бол! Акылдуулук менен акча топто» видеороликтер конкурсуна 12 жаштан 18 жашка чейинки жеке авторлор менен катар эле, авторлордун жамааттары (топтору) да катыша алышат.  Бул конкурста 4 номинация боюнча 4 жеңүүчү боло тургандыгы каралган.
Катышуучулар конкурстун уюштуруучуларына 2016-жылдын 3-мартына чейин gjanalieva@dpi.kg, tmatokhina@gmail.com.   Электрондук дарегине namba.kg видеохостингдин сервисине жүктөлгөн видеороликтин дарегин жөнөтүүгө тийиш.

Мында автор/авторлор жөнүндөгү кыскача маалыматты (аты-жөнү, жаш курагы, жынысы, окуган жери, классы/группасы, байланыш телефондору жана е-почта дареги көрсөтүлүүгө тийиш) (youtube.com, социалдык тармактар).

Баалоонун  КРИТЕРИЙЛЕРИ
Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу үчүн көз карандысыз жюрилер тобу түзүлөт.
Видеороликтерди баалоонун Критерийлери:
1.  Видеороликтин  конкурстун максатына дал келүүсү
2. Оригиналдуулугу
3. Маалыматка бай болуусу
4. Видеонун үн коштоосунун дал келүүсү
5. Позитивдүү багыты

Көз карандысыз жюрилер тобу төмөндөгү номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдү тандап алат:
1. Ишенимдүүлүгү жана таасирдүүлүгү (көрүүчү окуянын реалдуулугуна ишенет жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу керек экендигин мойнуна алат, сактоолук чогултуунун зарылдыгын түшүнөт)
2. Жаңы билим ала алат  (көрүүчү роликтин жардамы менен өзүнүн да финансылык көйгөйлөрү бар экендигин жана акча топтоого муктаж экендигин түшүнөт)
3. Чыгармачыл мамиле жана  оригиналдуулук, юмордун жана режиссердук күтүлбөгөн табылгалардын камтылышы  (көрүүчү өзүнүн финансылык көйгөйлөрүн башкача ракурстан көрө алат, көрүүчү видеороликти өзүнүн тааныштарына да көрсөткүсү келет)
4. Көрүүчүлөрдүн жактыруусунун атайын байгеси  (тармактарда эң көп көрүүчүлөргө ээ болгон  роликке берилет). * Бул номинация боюнча социалдык тармактарда жана youtube.com.  дарегинде көрүүчүлөрдүн эң көп санына жана лайктарына ээ болуу зарыл.

Ролик иштерин жасалгалоого коюулуучу талаптар

Видеороликтин техникалык мүнөздөмөсү:

  • Кодек mpeg 4, өлчөмү 720р кем эмес
  • Убакыт форматы – 3 мүнөткө чейин
  • Конкурска төмөндөгүлөр кабыл алынбайт:
    – башка иштерди көчүрмөлөп алуу;
    – сапаты начар иштер;
    – автордун жаш курагына туура келбеген же автор жөнүндөгү маалыматтар жетишсиз болгон учурда;
    – зордук-зомбулук сценалары бар иштер.

Конкурстун талаптарына  жооп бербеген иштер конкурска кабыл алынбайт.
Бардык укуктар видеороликтердин авторлоруна таандык. Уюштуруучулар конкурска берилген иштерди Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана башка басма сөз каражаттарына жарыялоо жана ушул долбоорду  жарнамалоо укугун өзүндө калтырат. Конкурска ишти берээрдин алдында автор конкурстун шарттары менен макул экендигин ырастоого тийиш.

Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу жана катышуучуларды сыйлоо

  • Конкурстун жеңүүчүлөрү жана айрым катышуучулары уюштуруучулардын баалуу белектери жана сыйлуу байгелери менен сыйланышат.
  • Конкурстун жыйынтыгы жюри мүчөлөрү тарабынан бекемделет.
  • Конкурстун жыйынтыгы жөнүндөгү маалыматтар уюштуруучулардын dpi.kgрасмий сайтында жайгаштырылат.
  • Сыйлоо салтанаты өтө турган дарек жана анын убактысы жөнүндө маалымат кошумча билдирилет.
  • Бардык суроолор боюнча төмөндөгү дарекке кайрылууга болот:
    Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108. Өнүгүү саясаты Институтунун офиси.
  • Тактама маалымат алуу үчүн телефондор: 0 (312) 976 530 (31,32,33,34)
  • Конкурстук материалдарды берүүнүн акыркы мөөнөтү –2016-жылдын 3- мартына, саат 17:00гө чейин.