«Газпром Кыргызстан» Компаниясы «Бай Түшүм» банкы жана KyrSEFF программасы менен биргеликте газ менен камсыздоо боюнча атайын программасын ишке киргизүүдө

01.03.2017

Программа Европалык Союздун 20 пайыздык гранты менен коштолгон биргелешкен насыялык продукт болуп эсептелет. Бул программанын алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары өздөрүнүн үй чарбаларына газ киргизүү үчүн каражат ала алышат. 2017-жылдын аягына чейин Бишкек шаарынын 17 турак жай конушун жана Чүй облусунун калк жашаган 5 айылын—жалпысынан 20 миңден ашуун үй чарбаларын газ менен камсыздоо пландаштырылууда.   

«Бул биргелешкен долбоор газ менен камсыздоо тармагына кошулууну каалаган, бирок ага керектелүүчү бардык сумманы толук төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок кыргызстандыктар үчүн багытталган. Атайын насыялык продукт абонентке газга туташууга жана жаңы газ котелун алууга мүмкүнчүлүк түзөт.  Буга кошумча керектөөчүгө KyrSEFF программасынан насыянын суммасынан 20% грант катары кайтарылып берилет. Мындан тышкары газга туташтырууну жеңилдетүү максатында биз бир катар жумуштардын (оюп орнотуулар, ишке киргизүү, жөнгө салуу, эскиздерди иштеп чыгуу жана макулдашуу) баасын толук түрдө нөлгө теңештирдик жана газ өткөргүчүн орнотууда курулуш-монтаждоо жумуштарынын баасын төмөндөттүк»-деп айтты «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Башкы директорунун кеңешчиси—коммерциялык директор Арзымат Алдаяров.        

«Абоненттин насыя алышы үчүн кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу талап кылынбай тургандыгын белгилей кетүү керек, документтердин да минималдуу пакети каралган: насыя алуучунун паспорту, сатып алынып жаткан газ жабдууларынын документи, булар күрөө катары каралат, кирешеси жөнүндөгү маалым кат жана газга туташтыруунун сметасы. «Бай Түшүм» Банкы бул атайын долбоорго зор маани берет. Азыркы учурда Бишкек шаарында жаңы конуштардын саны өскөндүгүнө байланыштуу экологиялык абал начарлоодо жана шаардын электр тармактарына артылган жүк көбөйүп бара жатат. Ал эми ушул программа боюнча калк насыяга энергонатыйжалуу жабдууларды алышса болот, аны пайдалануу энергетикалык жактан да, экономикалык жактан да пайдалуу. Азыркы заманбап технологиялар автоматташтырылган, коопсуз жана экологиялык таза. Алар аба ырайынын шартына байланыштуу температуралык режимди жеңил башкарып турууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул багытка салынган инвестиция, KyrSEFFтен берилүүчү шыктандыруучу гранттык кошумча менен бирге, жылуулук энергиясына кетүүчү чыгымдардын кыскарышынын эсебинен кыска мөөнөттүн ичинде эле толукталат»- деп өз оюн бөлүштү «Бай Түшүм» Банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

Нурзат Абдырасулова, KyrSEFF+ программасынын Улуттук менеджери: «Бишкек шаарынын айланасында жайгашкан турак жай конуштары энергокамсыздоо боюнча көйгөйлөргө тушугуп турушат. Ал жерде жашаган калкка өзгөчө кыш мезгилинде оорчулук келүүдө. Жаңы конуштарды газдаштыруу электр энергиясын колдонуунун санын кыскартууга мүмкүнчүлүк түзөт, мунун аркасында жалпы эле борбордун энергосекторундагы жүктү азайтууга шарт түзүлмөкчү. Орточо жетишкендиктеги үй-бүлөлөр үчүн негизги көйгөй—жылуулук менен камсыз болуу үчүн өздөрүнүн каражаты жетишпегендиги. KyrSEFF программасынын багыты боюнча берилүүчү инвестициялар жана гранттар дал ушул маселени чечүүгө багытталган»–деп өз оюн айтты.

Биргелешкен долбоор «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын адистери менен эскиздик чийимдерди даярдоодон баштап, «Бай Түшүм» банкынан каржылоону алганга жана турак үйгө газ берилгенге чейинки бардык этаптарды өз ичине камтыйт.

Газдаштыруу долбоору боюнча каржылоонун пайдасы:

Насыянын суммасы: 50 000 сом 100 000 сом
Бир жылдык чегерилген пайыздардын суммасы: 7 904 сом 15 807 сом
Гранттын суммасы *: 10 000 сом 20000 сом
Кардардын пайдасы: 2 096 сом 4 193

KyrSEFFтин грантынын суммасы финансылык документтер аркылуу тастыкталган энергонатыйжалуу иштерди бүткөрүү баасынын 20%  түзөт.

 «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы  ПАО Газпромдун 100 пайыз туунду коомчулугу  

Ишмерчилигинин негизги түрү—Кыргыз Республикасынын ички рыногунда жаратылыш газын жеткирүү жана реализациялоо.

 «Газпром Кыргызстан» ишканасынын ишмерчилигинин артыкчылыктуу багыты:

  • жаратылыш газын транспортировкалоо, бөлүштүрүү жана реализациялоо;
  • Кыргыз Республикасындагы  колдонулуп жаткан газ өткөрүүчү тармактарды реконструкциялоо жана кеңейтүү.

 «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы керектөөчүлөрдү жаратылыш газы менен натыйжалуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылууну, республиканын райондорун газдаштырууну, ошондой эле газ транспорттук кубаттуулуктарды модернизациялоону өзүнүн миссиясы деп эсептейт.     

 «Бай-Түшүм»  Банкы

«Бай Түшүм» финансылык рынокто 2000-жылдан бери иштеп келе жатат, ал өз ишмерчилигин 1997-жылы америкалык өкмөттүк эмес уюм  ACDI/VOCA жана швейцариялык  Caritas уюму тарабынан өткөрүлгөн «Food for Progress» монетизациялоо программасынын алкагында эл аралык долбоор катары баштаган. «Бай Түшүм» финансылык фонддон жана депозиттерди тартуу боюнча  лицензиясы болгон микрофинансылык компаниядан баштап, толук банктык лицензияга ээ болгон универсалдуу банкка чейинки өнүгүүнүн динамикалуу жолун басып өттү. Бул мезгил аралыгында уюм жалпы активдеринин өлчөмү 7 млрд. сомду  жана кардардык базасында  93 000 ашуун кардары болгон  Кыргыз Республикасындагы эң ири финансылык институттардын бирине айланды. Банк насыялык жана депозиттик куржуну, активдери жана капиталы боюнча алдыңкы ондуктун катарына кирет. Кеңири маалыматты: www.baitushum.kg  караңыз.

 KyrSEFF—Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо Программасы:

Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо Программасы (KyrSEFF+) –Кыргызстандын турак үйлөрүндө жана ишканаларында заманбап жабдууларды жана энергияны сактоо үчүн  жаңыланып туруучу булактарды пайдалануу  (ВИЭ), үйлөрдө жана ишканаларда таштандыларды утилизациялоо багытындагы иш-чараларды каржылоо үчүн атайын инвестициялык механизм.  Бул Программа Өнүгүүнүн жана Реконструкциялоонун Европалык Банкы (ЕБРР) тарабынан иштелип чыккан, анын насыялык жалпы куржуну 55 миллион АКШ долларын түзөт. KyrSEFF+ кардарлары энергияны сактоочу иш-чараларды ийгиликтүү бүткөрүшкөндүктөрү үчүн Европалык Союздун Борбордук Азия Инвестициялык фондусунан (ECIFCA) 10 пайыздан 35 пайызга чейин грант алышат. KyrSEFF+  республиканын бардык аймактарында өнөктөш банктардын катышуусу менен ишке ашырылууда. Кеңири маалымат: www.kyrseff.kg