Банктын Талас филиалынын Футбол командасы 2017-2018-жылдагы Талас облусунун Жогорку Лигасынын чемпиону болду

19.02.2018

Мелдештер өткөн жылдын ноябрь айынын аягында башталып, 12 команда 2,5 ай боюу матч артынан матч өткөрүшүп, биринчилик үчүн каттуу күрөшүштү. Жыйынтыгында биздин футболчулар 30 упай топтоо менен биринчиликке ээ болушту. Мелдештердин жүрүшүндө Талас филиалынын командасы бир гана жолу жеңилүүгө дуушар болушту.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 25-февралда Талас шаарынын мериясында болуп өтөт.