Аманат боюнча эксклюзивдүү акциянын алгачкы жеңүүчүлөрү байгелерди алышты

25.05.2016

Алгачкы жеңүүчүлөрдүн аттары белгилүү болду. 2016-жылдын 25-майында Банк аларга плазмалык телевизорлорду жана смартфондорду тапшырды. Белектерди 7 адам  алышты, ал эми 10 адам башкы байге- батир үчүн күрөштү улантуу үчүн ортолук байгеден баш тартышты.

«Мен Бишкекте мындан бир нече ай мурда «Бай Түшүм» Банкында депозит ачкам. Максатым- акча каражатымды сактоо болчу, кандайдыр бир белек утуп алуу жөнүндө ойлогон деле эмесмин. Банктын кызматкерлери мага телефон чалышып, плазмалык телевизор утуп алгандыгымды айтышканда бир чети таң калып, бир чети кубандым. Акчамды  коопсуздукта сактап жана үй-бүлөм үчүн абдан керектүү болгон белекти да утуп алдым. Ушундай кыйчалыш убакта өз кардарларын кубантууга мүмкүнчүлүк таап жаткан «Бай Түшүмгө» ырахмат»,- деп ыраазычылыгын билдирди Касым Базаралиев.

Акция 2016-жылдын 1-апрелинде башталгандыгын жана 2016-жылдын 15-декабрына чейин улантыла тургандыгын эсиңиздерге салабыз.

Демек, «Бай Түшүм» Банкында топтолуучу депозит ачкан жана банктын башка да тейлөөлөрүнөн пайдаланган  ар бир кардар сапаттуу сервистик кызматтан башка да баалуу белектерге: тиричилик техникасына сертификаттарга, Дубай же Таиландга эки адамдык саякатка жана Бишкектен батирге да ээ боло алат!

10 000 сомдон жогору депозитти жылдык 14% менен 12 айлык  мөөнөткө ачуу

Аны ай сайын толуктап туруу
Банктын башка кызматтарынан да пайдалануу:
– эл аралык акча которуулар;
– сатып алуулар жана тейлөө төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн VISA жана Элкарт банктык карталарын пайдалануу;
– «Бай Түшүм» Интернет-Банкинги аркылуу  ГРОСС жана  КЛИРИНГ тармактары боюнча которуулар;
Упай топтоп, эң сонун белектерге ээ болуу.
Акция 15-декабрга чейин колдонулат, ал эми белектерди 2016-жылдын 20-июлунан жана 20-сентябрынан   кийин алууга болот. Башкы байге- Бишкектен БАТИР тапшыруу 2016-жылдын 20-декабрында болуп өтөт.

Аманатта 50 000 сом жана андан көп акча каражатын топтошкон акциянын бардык катышуучулары кепилденген белектерди алышат.

Кеңири маалымат биздин  сайтта: www.baitushum.kg. жайгаштырылган.