«Бай Түшүм» Банкынын филиалдар аралык жыл сайын өтүүчү футбол боюнча турнири: ФУТБОЛ- 2017 – спортту өнүктүрөбүз жана корпоративдик рухту бекемдейбиз!

01.08.2017

«Бай Түшүм» Банкынын кызматкерлеринин арасында шайдоот жашоо образын жайылтуу жана корпоративдик рухту бекемдөө максатында «Бай Түшүм» Банкы корпоративдик  ар кандай иш-чараларды маал-маалы менен өткөрүп турат.

Бул жолу меймандос Талас шаары филиалдар аралык 2017-жылдын уникалдуу турниринин бардык катышуучуларын тосуп алды. Таласка чейинки жол жүрүүнүн өзү эле команда түзүүчү касиетке ээ болду. 7 облустук аймактардан  келишкен 8 команда жана анын 140 катышуучусу футболдук «Мыкты команда» наамы үчүн мелдешке чыгышты. Футбол оюндары эң сонун эмоцияларды жаратып, күйөрмандардын да, оюнчулардын  да бүйүрлөрүн кызытып, байгелүү 3 орунду кайсы команда ээлейт деген ой делебелерин козгоду.

Ошентип турнирдин жыйынтыгы боюнча төмөндөгү  жеңүүчүлөр аныкталды:

1-орун  – Талас филиалы

2-орун –  Нарын филиалы

3-орун – Ош филиалы

Күйөрмандардын командасын белгилебей коюуга болбойт:

Ош филиалынын командасы Күйөрмандардын мыкты командасы

Каракол филиалынын командасы Күйөрмандардын Креативдүү командасы

Жалал-Абад филиалынын командасы  – Күйөрмандардын бийик үндүү командасы

Турнирдин бардык катышуучуларын куттуктайбыз!