«Бай-Түшүм» банктык тобу «Айыл Агро-2013» эл аралык агро-өнөр-жай көргөзмөсүнө катышты

31.05.2013

«Бай-Түшүм» Инновациялык Фонду жана «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы анын курамына кирген «Бай-Түшүм» банктык тобу 22-майдан 24-майга чейин Бишкек шаарында болуп өткөн «Айыл Агро-2013» эл аралык агро-өнөр-жай көргөзмөсүнө катышты. Көргөзмөнүн уюштуруучулары болуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана “Росагромаш” айыл-чарба техникаларын өндүрүүчүлөрүнүн россиялык ассоциациясы чыгышты.

Көргөзмөнүн негизги максаты – айыл-чарба техникаларын өндүрүүчүлөрдүн жана фермерлердин ортосунда диалогду жөнгө салуу (жолго коюу). Көргөзмөдө көбүнчө айыл-чарба техникалары: ар кандай маркалардагы жана модификациялардагы тракторлор, үрөн себүүчү, буудай жана тоют жыйноочу комбайндар жана 7 өлкөнүн 25 компанияларынын башка агротехникалары көрсөтүлдү. Көргөзмөдө көрсөтүлгөн алдыңкы технологиялар, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасын өндүрүү жана уруктандыруу, тамак-аш продукттарын өндүрүү жана айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жабдуулар тармагында болгондугун белгилей кетүү керек.

Ошондой эле, Кыргызстандын жети областтарынын продукциялары жети боз үйдө көрсөтүлдү, аларга ар бир адам кирип, алардан даам татып кетүүгө мүмкүн болду.

Мындан тышкары, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы көргөзмөнүн чегинде, айыл-чарба техникаларынын лизинги жана башка банктык кызматтар боюнча кардарларга консультацияларды беришти, кардарлар Банктын адистерине өздөрү кызыккан суроолорун берүү жана биринчи алардын өздөрүнүн оозунан консультация алуу мүмкүндүгүнө ээ болушту.

Маалымат үчүн:
АЙЫЛ-АГРО Эл аралык агро-өнөр-жай көргөзмөсү – агро-өнөр-жай комплексинде жаңы техникалык чечимдерди көрсөтүү үчүн борбордук тармактык аянт. АЙЫЛ-АГРО – агро-өнөр-жай комплекси үчүн алдыңкы дүйнөлүк өндүрүшчүлөрдүн техникаларынын жана технологияларынын толук спектрин көрсөтө турган Кыргыз Республикасындагы жалгыз көргөзмө.

Көргөзмө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын Бишкек шаарынынын тарых борборунда өткөрүлөт жана бул айыл-чарба тармактарындагы кызматкерлер үчүн гана эмес, бүтүндөй эле өлкө үчүн да маанилүү окуя болуп саналат.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы жөнүндө
«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы ACDI/VOCA өнүгүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 12 жылдан бери иштеген уюм, 112 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.