Банктын кызматкерлеринин эсебинде дагы бир спорттук жеңиш!

23.04.2018

Өткөн дем алыш күндөрүндө шахмат боюнча Кыргызстандын Чемпионатынын алкагында Жогорку лиганын  беттешүүлөрү болуп өттү. Мырзалар арасындагы байгелүү орундар үчүн арасында спорттун 6 мастери, 40тан ашууну мастерликке талапкер болушкан 65 катышуучу ат салышты. Аялдар арасында атаандаштык азыраак болду: биринчилик үчүн 16 катышуучу чыгышты. Чемпионатка өлкөбүздүн бардык аймактарынан келишкен шахматчылар катышкандыгын белгилеп кетишибиз керек. Өткөрүлгөн 9 турдун жыйынтыгы боюнча аныкталган 20 мыкты оюнчу Чемпионаттын Жогорку Лигасына жолдомо алышты.

Жолдомонун бири биздин кесиптешибиз – Канат Умаралиевге ыйгарылды. Ал жыйырма мыктынын арасынан 7 орунга ээ болуп, мүмкүн болгон 9 упайдын 6 упайын топтоого жетишти.

Жогорку Лиганын беттешүүлөрүндө шахматчылар Республикалык Чемпионатка катышуу үчүн ат салышышат. Анын жыйынтыгы боюнча 5 мыкты оюнчу Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасына кошулмакчы. Курама команда сентябрь айында Грузияда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында өлкөбүздүн намысын коргошот.