«Бай-Түшүм» Банкы балдардын  «Менин кыялым үчүн сактоолук»  деген аталыштагы сүрөт конкурсунун жыйынтыгын чыгарды

18.04.2016

«Global Money Week – 2016» эл аралык кампаниясынын алкагында «Бай-Түшүм» Банкы 2016-жылдын февраль айынан апрель айына чейин болуп өткөн  балдардын «Менин кыялым үчүн сактоолук» деген аталыштагы сүрөт конкурсунун жыйынтыгын чыгарды.

Конкурстун негизги максаты- финансылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга, акчаны башкара билүү жана максат койо билип, акча топтоо  маселесинин маанилүү экендигине мектеп жашындагы балдардын көңүлүн буруу болгон.

Бул конкурска 6 жаштан 12 жашка чейинки 699 бала катышты. Төмөнкү критерийлер: аткарылган иштин көрсөтүлгөн темага дал келиши, ой чабытынын оригиналдуулугу жана көркөмдүк жактан жасалгалынышы боюнча жогорку упай алышкан 18 мектеп окуучусу жеңүүчүлөрдөн болушту.

 Кичинекей таланттуу сүрөтчүлөр акчалай сыйлык алышты, алардын кээ бирөөлөрү финансылык акылдуулуктарын көрсөтүшүп,  ата-энелери менен бирге Банкта «Өсүп-жетил» балдар депизитин ачып коюшту.

Ушул эң сонун конкурска катышышкан бардык балдарга ыраазычылык билдиребиз. Банк келечекте кызыктуу конкурстарды дагы да уюштурмакчы жана жаңы жеңүүчүлөрдүн аттары да аталат.

Тактама маалымат:

«Бай Түшүм» Банкы Кыргызстанда 2016-жылдын 14-мартынан 22-мартына чейин болуп өткөн бешинчи «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын» уюштуруучусу жана активдүү катышуучусу болду.   «Global Money Week» жумалыгын өткөрүү учурунда «Бай Түшүм» Банкынын кызматкерлери бүткүл республикабыз боюнча жогорку жана баштапкы класстардын окуучулары менен тренингдерди күн сайын өткөрүп турушту. Бишкек шаарынын, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын 40 мектебинде, 3000 ашуун окуучулар  Интерактивдүү окутууларга катышышты.