Майыптардын Эл аралык күнүнө карата «Бай – Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы «Мол Булак Финанс» менен биргелешип кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

07.12.2011

2011-жылдын 6-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы майыптардын шаардык реабилитациялоо борборунда майыптардын Эл аралык күнүнө карата «Бай – Түшүм жана Партнерлор»  компаниясы «Мол Булак Финанс» менен биргелешип кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Ушул борбордо реабилитациядан өтүп жаткан 247 майып акцияга катышты. “Мол Булак Финанс” жана «Бай – Түшүм жана Партнерлор»  компаниясы, «Калыбына келтирүү Фонду» аркылуу Кыргызстандын түштүгүнө жардам берүү долбоору боюнча кызматташуунун биргелешкен тажрыйбасы бар ишкер өнөктөштөр катары майыптардын проблемасына көңүл кош болуп калышкан жок.  Ар бир компания ошол борбор үчүн турмушта эң керектүү буюмдарды, ошондой эле таттууларды жана белектерди сатып алуу үчүн бюджетинен каражаттарды бөлүп беришти. Акциянын чегинде уюштуруучулар борбордун тарбиялануучуларынын өнүгүшүнө жана чыгармачылыктарын иштетүүгө көмөктөшө турган жылыткычтарды, килемдерди, балдар үчүн отургучутарды жана тигүүчү машиналарды белек кылып тартуулашты. Кичинекей акт залында эртең менентен баштап эле майрам башталды, “Аладдин” көңүл ачуучу тобу өздөрүнүн таң калыштуу трюктары жана фокустары менен келген меймандарды кубанычка бөлөп жатышты. Музыкалык номерлер өздөрүнүн артисттик таланттары менен эргиткен жомок баатырлары тарабынан аткарылып жатты.  Программанын аягында ар бири таттуу белек алышты. Программа ушуну менен эле бүтүп калган жок, борбордун тарбиялануучулары бийлери жана ырлары менен өздөрүнүн программасын тартуулашты. Салтанаттын аягында даамдуу түшкү тамак берилди, андан кийин балдар дискотекада көңүл ачышты.

Мэриянын социалдык кызматкерлеринин демилгелери боюнча 1999-жылы түзүлгөн реабилитациялоо борборунда, тагдырдын буйругу менен майып болуп калган балдар жана чоңдор дарыланышат, иштешет, чыгармачылык иштерин жасашат жана бири-бири менен сүйлөшүшөт. Борбор, аларга андан ары өнүгүүгө, өзүн-өзү көрсөтө алышына жана өзүн коомчулуктун толук укуктуу мүчөсү катары сезүүсүнө мүмкүндүк берет.