Чехиялык экспорттук банктын өкүлдөрү менен Бизнес-жолугушуу

19.07.2018

11- июлда, Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын чакыруусу боюнча Чехиялык экспорттук банктын өкүлү госпожа Зюзана Шейткова Кыргыз Республикасынын бизнес коомчулугу менен Бизнес-жолугушуу өткөрдү.

Бул жолугушууга «Бай Түшүм» банкынан Башкармалыктын мүчөсү жана ошондой эле «Бай Түшүм» банкынын Бизнес директору Ким  Ирина Валентиновна катышты.    https://www.baitushum.kg/ru/about/management/

Госпожа Зюзана Шейткова ЧЕБ аркылуу Кыргызстандын бизнес-долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү өз оюн кеңири айтып берди. Ал ошондой эле Кыргызстанга экспортту каржылоо зор кубаттуулук катары каралып жаткандыгын да билдирди.  Мисалы, 2018-жылы ЧЕБ Кыргызстан менен иштешүү үчүн өзүнчө  портфель (150 млн.АКШ долларына жакын)  түзгөн.  Бүгүнкү  күнгө карата ЧЭБ Кыргызстандагы 13төн ашуун долбоорду каржылады.